"Тоң районундагы Мырзамамбетов мектебинин окуучулары Маданият үйүндө окуп жатышат" деди депутат
Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Максат Сабиров Ысык-Көл облусунун шайлоочуларынын көйгөйлөрүн көтөрдү.
Депутаттын белгилешинче, облустун тургундары жер тилкелерин трансформациялоо, Социалдык фондго төлөмдөр, милдеттүү камсыздандыруу, бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын айылдар категориясы маселелери түйшөлтүп жатканын билдиришкен. Тоң районундагы Турсунаалы Мырзамамбетов атындагы мектеп 2005-жылы фин тибинде салынып, 10 жылдан соң жараксыз абалга келген. "Эми окуучулар айылдын Маданият үйүндө окушууда. Жергиликтүү эл "Эмне үчүн 10 жыл ичинде эле мектеп жараксыз абалга келип калды?" деген маселени коюп жатат",- деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

