super.kg logo
  Саясат  

Ишкердик чөйрөсүнө болгон текшерүүлөрдүн санын азайтуу каралып жатат

 

Жогорку Кеңеште ишкерлердин укуктарын коргоону жакшыртуу, ишкерлер чөйрөсүндөгү коррупциялык жосундарды азайтуу максаттарында иштелип чыккан “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, ишкердик субъектилерге коюлган милдеттүү талаптар мыйзамдар менен эле эмес, өкмөттүн токтомдору менен да белгилениши мүмкүн. Ошондой эле текшерүүлөрдүн санын азайтуу чаралары да каралууда. Мисалы, буга чейин санитардык-эпидемиологиялык тобокелдиги жогору болгон объекттер жылына 3-4 жолу текшерилип келсе, эми 2 жолу гана текшерилүүгө тийиш.

Тобокелчилик даражасы эң төмөн болгон ишкерлерди пландуу текшерүүлөрдөн толугу менен бошотуу, тобокелдиги төмөнүрөөк катары каралган жана пландуу текшерүүлөрдөн бошотулган чөйрөлөрдүн өкмөт тарабынан аныкталуу мүмкүнчүлүгүн мыйзамдык жактан бекитип берүү да мыйзам долбоорунда камтылган маанилүү жаңылык болуп саналат.

Ишкердин арызы боюнча пландан тышкары текшерүү жүргүзүлгөн учурларда ишкердин даттануусун карап чыгуу мөөнөтү 30 жумушчу күндөн 15 жумушчу күнгө чейин кыскартылат. Анткени колдонулуп жаткан ченемде көрсөтүлгөн 30 күндүк мөөнөт даттанууну карап чыгууну да, текшерүү жүргүзүүнү да камтыйбы, аны так аныктоого мүмкүндүк бербейт.

Мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: