super.kg logo

1-класстын окуучусун өлтүргөн аялдын акыл-эси ордунда экени жана бала муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталды

 
Кылмышка шектүү А.Майрам.

7 жашар Даниэлди мыкаачылык менен өлтүргөн аял учурда №1-СИЗОдо отурат. Ага жасалган соттук экспертизанын жыйынтыгында анын акыл-эси ордунда экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди.

"Соттук-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, кылмышка шектүү катары кармалган 39 жаштагы А.Майрам баланы уурдап жана аны өлтүрүп жатканда акыл-эси ордунда экени аныкталды. Бир жума ичинде жүргүзүлгөн тергөө амалдары аяктап, иш сотко жиберилет. "Балага дары берилип, ал ошондон улам өлгөн" деген маалымат такталган жок, соттук-медициналык экспертизада бала муунтулуп өлтүрүлгөнү далилденди",- деди Э.Осмонбаев.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын 10-декабрында милицияга 33 жаштагы Астра аттуу жаран кайрылып, анын баласын белгисиз адамдар уурдап, кайтарып берүү үчүн 150 миң сом талап кылып жатышканын айткан. 11-декабрда аталган кылмышка шектүү катары 39 жаштагы А.Майрам аттуу аял кармалган. Анын Жалал-Абад облусунда туулганы, буга чейин уурдоо жана алдамчылык боюнча соттолгону аныкталган. Суракта А.Майрам акыркы 10 күн ичинде уурдалган баланын үй-бүлөсү жөнүндө маалыматтарды топтоп жүргөнүн айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
04.02.2016. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кантип колу барды баланы олтургонго. Кудай жазаласын.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-02-04 15:03:54
04.02.2016. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаш баланы кантип олтурууго колу барды экен а
04.02.2016. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХ ХХХ ХХХ... Байкуш бейкуноо наристе...
Модератор admin_portal түзөттү 2016-02-04 15:17:28
04.02.2016. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аял болбой жерге кир.колун м.н жасаганды мойнун м.н тартып темир тор артында омурун отсун эми.акылсыз кантип колу барды. ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2016-02-04 15:17:41
04.02.2016. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
muras111211, BekAmir, jumai7984 - эскертүү!
Ачууга алдырып порталдын эрежелерине туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
04.02.2016. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анын неге бетин жаап койгонсунар эл корсун кылмышкерди.жазасын кудай озу берсин
04.02.2016. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кылмышкердин козун эмне учун карайтып жашыргансынар? Мындай адамдарды эл жакшы таанып, билуусу зарыл. Эгер, тааныбса башкалар да жабыр тартып калуусу ыктымал. Андыктан, Сиздерге кандай гана кылмышкерлер болбосун, элдин коопсуздугу учун аларды толук суроту менен жашырбай чыгаруунуздарды сунуштамакчымын.
04.02.2016. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эххх жаш наристе,али эчнерсени коро элек.Олум жазасын киргизиш керек срочно ушундай айбандарга,же элге салып берсе бул аялды ,жанын суруп алышат эле.Кантип колу барды ушундай нерсеге?ал деле ЭНЕ болсо керек! айбан да мынчалык кылбайт
04.02.2016. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
акыркы убактарда кыргызстандан жакшы кабар укпас болдукко олду,олтурду, уруш, тоноп кетти, качып кетти ушуга окшогондор эле. жараткан Алла кыргызстаныма ыйман жана сабырдуулук бере кор
05.02.2016. 07:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эшек десе уйку дарыны коп берип алыпмын десе мен да бала уктаган бойдон кеткен экен деп ойлопмун. Корсо мыкаачы кыйнап олтургон экен да байкуш алсыз баланы.
05.02.2016. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш балада эмне куноо ээхх
06.02.2016. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбан, жырткыч ошол 150000 сомду озун иштеп тапсам болмок да наристени олтуруп, энени омур бойу зыркыратпай сага окшогон бекерчилер кыларга иши жок,акча табуунун оной жолун тапкан экен
10.02.2016. 06:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эшек, мыкаачы, алсыз жаш баланын омурун кыйган манкурт, ата-энесине сабыр тилейм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: