super.kg logo
  Саясат  

Оң рулдуу унааларга чектөөнү 2020-жылга жылдыруу сунушу 1-окууда добуш берүүгө жиберилди

 

Жогорку Кеңеште 4-февралда депутат Алтынбек Жунус уулу тарабынан иштелип чыккан “Автомобиль транспорту жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечи “Автомобиль транспорту жөнүндө” мыйзамда жүргүнчүлөрдү оң рулдуу унааларда ташууга тыюу салынган. Бул норма 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кириши керек болгонун белгиледи. “Ошондуктан мыйзам жобосунун күчүнө кирүү мөөнөтүн 2 жылга: 2018-жылдын 1-январына чейин узартуу демилгеси сунушталууда (чара көрүүнү 2020-жылга белгилөө менен). Анткени калк арасында мындай тыюу салуу чечимине карата нааразычылыктар жаралууда. Алардын талабында негиз бар болгондуктан, анын күчүнө кирүү кирүү мөөнөтүн узартуу сунушу киргизилүүдө”, - дейт депутат.

Талкууда жүргүнчү ташуучулар көмүскөгө кетип, таксисттер патент сатып албай бюджетке терс таасир тийгизери айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: