super.kg logo

Жылнаама, 5-февраль: Мындан 31 жыл мурун португалиялык футболчу Криштиану Роналду туулган

 

* Мындан 75 жыл мурун, 1941-жылы обончу, композитор, дирижёр Сардарбек Жумалиев Чүй облусунун Жар-Башы айылында туулган. Башталгыч мектепти айылдан окуп, 1955-жылы М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынын алдындагы балдардын музыкалык мектебинин комуз классын бүтүрүп, 1959-1962-жылдары М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынан билим алган.
Эмгек жолун 1959-жылы М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайында окуп жүргөн кезинде эле Кыргыз мамлекеттик филармониясында эл аспаптар оркестринде артист-музыкант болуп иштөөдөн баштап, 1964-1967-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн.
Сардарбек Жумалиевдин "Таң сыры", "Сары-Челек", "Сен менин жазылбаган ырларымсың", "Жаңы жылды тосолу", "Ысык-Ата - Арашан", "Махабат мекени", "Кетпейм сага жолукмайынча", "Бульварым" ж.б. жүздөн ашык обондору бар. Ырчы Азамат Сарыбаевдин аткаруусундагы Сардарбек Жумалиевдин "Бульварым" аттуу чыгармасы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2012-жылдын супер ремейки" деп табылган. Ал эми Сардарбек Жумалиевге "Супер-Инфо" гезити тарабынан керемет ыр үчүн ыраазычылык билдирилген.

* Мындан 1 жыл мурун, 2015-жылы Кыргыз Эл сүрөтчүсү, III даражадагы Манас орденинин ээси, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жоомарт Кадыралиев дүйнө салган.
Жоомарт Кадыралиев 1946-жылы Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Сары-Булак айылында туулган.
1966-жылы Фрунзедеги Көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. Ал 1995-жылы Таласта "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына арналган мааракеде ачылган "Манас" этнографиялык комплексин түзгөн.

* Мындан 31 жыл мурун, 1985-жылы португалиялык футболчу Криштиану Роналду Португалиянын Мадейра аралындагы Фуншал шаарында төрөлгөн.
Роналду профессионалдык футболдо "Спортингдин" курамында 2001-жылы дебют жасап, биринчи оюнунда гол киргизген. Криштиану Роналду 2008, 2013 жана 2014-жылдары ФИФАнын версиясы боюнча "Дүйнөнүн мыкты футболчусу" аталган, 2014-жылы Португалиянын президенти Анибал Каваку Силва тарабынан падыша Генрих ордени менен сыйланган.

* Мындан 24 жыл мурун, 1992-жылы Бразилия курама командасынын жана каталондук "Барселонанын" жарым коргоочусу Неймар да Силва Бразилиянын Сан-Паулу штатында туулган.
2015-жылы Неймар “Барселонанын” курамында УЕФАнын Чемпиондор Лигасын, Испания чемпиондугун, Испания Кубогун, УЕФАнын Суперкубогун жана клубдар аралык Дүйнө чемпиондугун уткан. Ал бул мелдештердин баарында чечүүчү ролду ойногон.
УЕФАнын Чемпиондор Лигасында 10 гол киргизип, Криштиану Роналду жана Лионель Месси менен биргеликте аталган мелдештин башкы бомбардири аталган. Жылдын соңунда Эл аралык футбол федерациясынын версиясы боюнча дүйнөнүн мыкты футболчусуна ыйгарылуучу “Алтын топ” сыйлыгына талапкер болуп, добуш берүүнүн жыйынтыгында ал сыйлыкка негизги талапкер 3 футболчунун катарына кирген (ред.- Лионель Месси жана Криштиану Роналдудан кийинки орунда).

5-февралда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
04.02.2016. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен туулгам 5-февралда
04.02.2016. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Роналду туулган кунун менен куттуктайм. Ийгилик сага. Кийинки жылы алтын топ сага буйруйт
04.02.2016. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Роналдо м.н Неймар бир кундо туулган экенда е
05.02.2016. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Куттуктайбыз Роналду Неймар жана Умарды да туулган күнүңөр м.н
07.02.2017. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неймар Роналду Тевестин туулган куну. Красавчиктердин туулган куну менен куттуктайм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: