super.kg logo
  Саясат  

Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу бюджеттен каржылана башташы мүмкүн

 

“Мугалим менен тарбиячы иштеген мекемесинин менчиктин кайсы түрүнө киргендигине карабай бирдей статуска ээ болушу керек. Ал билимин жогорулатам же жылына бир жолу медициналык кароодон өтөм десе, чыгымы жеке чөнтөгүнөн эмес, мамлекеттин эсебинен төлөнүүгө тийиш”,- деп билдирди 4-февралда "Парламент" радиосунун түз эфиринде депутат Кенжебек Бокоев.

Анын айтымында, мамлекеттик мектептерде, мектепке чейинки мекемелерде иштеген тарбиячылар менен мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоону республикалык бюджеттен каржылап, жогорку окуу жайлары тарабынан ишке ашыруу демилгеленүүдө. Мындай норма “Тарбиячылардын жана мугалимдердин статусу жөнүндө” мыйзам долбоорунда каралууда.

“Мыйзамда көрсөтүлгөн дагы бир негиздүү нерсе - мугалимдик адистикти алуу үчүн окуган студенттер дагы каражат төлөбөй туруп мамлекеттин эсебинен окуусуна шарт түзүлүш керек. Бул да мыйзамда каралууда. Мунун баары мугалимдин статусун жогорулатууга арналууда",- деп кошумчалады депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: