super.kg logo
  Саясат  

Бажы кызматы 2015-жылы бюджетке 28 миллиард 509 миллион сом төктү

 
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматы 2015-жылы бюджетке 28 миллиард 509 миллион 400 миң сом төктү. Маалымат 4-февралда мекеменин коллегиялык жыйынында айтылды.
2015-жылы республикалык бюджетке бажы төлөмдөрүнөн 32 миллиард 970 миллион сом түшөрү белгиленген: бажы төлөмдөрү 27 миллиард 770 миллион сом, ЕАЭБдин алымдары 5 миллиард 200 миллион сом.
Жыйында өкмөт жетекчиси Темир Сариев: "Бажы кызматынын негизги иши - ар бир бажы пунктун ЕАЭБдин талаптарына жооп берчүдөй абалга жеткирүү. Ачыктыкты камсыздоо менен ишкерлерге толук шарт түзүп берүү кызматтын негизги милдеттеринин бири. Мындай жол менен Бажы кызматына мамиле өзгөрүп, ишкердик чөйрөнүн ишенимине ээ болот",- деп билдирди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: