super.kg logo

Иран авторлорунун 90дон ашык эмгектери Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде көргөзмөгө коюлат

 

Фаджр декадасынын алкагында, Ирандагы Ислам революциясынын жеңишинин 37 жылдыгына карата майрамдык мааракелердин негизинде Ирандын өнөрпоз айымдарынын прикладдык жана сүрөт искусствосу, алардын заманбап Ирандагы жетишкендиктери тууралуу Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүнкү күндө Иран Ислам Республикасында айымдар саясатта, экономикада, илим жана билимде, медицинада, спортто, өзгөчө маданият жана искусстводо жана ушул сыяктуу бардык тармактарда эмгектенишет.

9-12-февралда Иран миниатюрасы, живопись жана жыгачтан сөлөкөттөрдү жасоо боюнча 50дөн ашык эмгек көргөзмөгө коюлат. Ошондой эле атайын Иран Ислам Республикасынан Кыргыз Республикасына чакырылган Ирандын өнөрпоз айымдары Парване Мирафтабиян жана Париса Рахмани тарабынан мастер-класс көрсөтүлөт. Бул көргөзмөдөн кийин 13-23-февралда "Иран айымдарынын заманбап Ирандагы жетишкендиктери" аттуу сүрөт көргөзмөсүндө 40тан ашуун эмгек тартууланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: