super.kg logo

"Тамашоунун" чемпиону "Позитифф" командасы Казакстандын "Жайдарман" Лигасынын Жогорку Лигасына жолдомо алды

 

"Тамашоу" Лигасынын 7-сезонунда чемпион аталган "Позитифф" командасы Казакстанда 30-31-январь күндөрү өткөн "Жайдарман" Лигасына катышып, Жогорку Лигага жолдомо алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Позитифф" командасынын оюнчусу Мыктыбек Мукаев кабарлады.

"Казакстанда дагы "Тамашоу" Лигасындай казак тилиндеги популярдуу "Жайдарман" Лигасы бар. Алгач "Жайдарман" Лигасынын гала-концертине тандоо туру болду. Ага жалпысынан 180дей команда катышты, анын ичинде биз, "Позитифф" командасы "Жайдармандын" тарыхында биринчи чет элдик команда болуп бардык. 180 команданын ичинен 67си гала-концертке өттү. 2 күн ичинде 4 концерт коюлду. Биз сахнага 30-январда алгачкы концертинде чыктык. Жыйынтыгында "Жайдармандын" Жогорку Лигасына биз менен 43 команда өттү. Анын өтө турган так датасы азырынча белгисиз. "Позитифф" командасына ишеним көргөзүп жибергени үчүн Эрмек Нурбаевге ыраазычылык билдиребиз",- деди Мыктыбек Мукаев.

Ошондой эле Мыктыбек Мукаев казак тилиндеги "Жайдарман" Лигасында бир дагы чет элдик ырлар колдонулбай, оюнчулары казак тилинде гана сүйлөшөрүн белгиледи. Уюштуруучулар кыргыз командасын жакшы тосуп, башка оюндарына да чакыруу ойлору бар экенин айтышканын кошумчалады.

Эске сала кетсек, "Позитифф" командасы Казакстанга жөнөп кеткенин Эрмек Нурбаев SUPER.KG порталына 25-январда кабарлаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
05.02.2016. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
казакстандын чемпиону болгула!! ийгилик!!!
05.02.2016. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ийгилик
05.02.2016. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар
07.02.2016. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
орусчасына да катышкыла , позитифф алга !
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: