super.kg logo

Гүлжигит Сатыбеков жеке концертинде мигранттардын суранычы менен "Москва" ырын аткарды (фоторепортаж)

 

Бүгүн, 5-февралда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында ырчы Гүлжигит Сатыбековдун 5 күн катары менен боло турган "Кусалык жана төрт мезгил" аттуу жеке концерттеринин экинчиси өттү. Анда кече ээси эски жана жаңы ырларын аткарып берди. Ошондой эле бүгүнкү концертте айрым чыгармалардын бет ачары да болду. Ырлардын баары жандуу үн менен оркестрдин коштоосунда аткарылды.

Тамашакөй жигиттер Болсунбек Стакеев, Талас Кашкариев жана Баатырбек Абакиров жашоодогу күлкүлүү окуяларды көрсөтүшүп, иш-чаранын башынан аягына чейин конокторго жакшы маанай тартуулашты. Ал эми алып баруучулукту Союзбек Сейитказиев аркалап, ал да мыкты тамашалары менен концертке келгендерди күлдүрүп жатты.

Кеченин жүрүшүндө Г.Сатыбеков күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирди. "2016-жыл "Тарых жана маданият жылы" деп белгиленгендиктен, мен дагы маданияттын өкүлү катары кыргыз элиме маданий жактан салымымды кошсом деген жакшы ой-тилектерим менен "Кусалык жана төрт мезгил" аталышындагы концертимди тартуулап жатам. Менин ырларымды сүйүп уккан ар бир күйөрманыма ыраазычылыгымды айтуу менен биргеликте дайыма кызмат кылууга даярмын. Андыктан сиздер менен дагы бир ирет жолугуп жатканыма абдан бактылуумун",- деди Сатыбеков.

Бул концерттин мыкты номерин тандоо кыйынга турду, анткени ар бир ыр жана оюн мыкты аткарылып, ар бири өз өзгөчөлүктөрү менен эсте кала турган болду. Мисалы, "Москва" аттуу ырын аткаруунун алдында Сатыбеков бул чыгарманы Орусиядагы мигранттардын суранычы менен ырдап берерин айтты. "Агенттеги махабат" ыры болсо катуу кол чабуулар менен коштолсо, "Лейлектик кызга" деген ырды коноктордун көбү Сатыбеков менен чогуу ырдап жатты.

Айта кетсек, аталган концерттер 4-5-6-7-8-февраль күндөрү өтмөкчү.






Гүлжигит Сатыбеков Бишкекте 6 күн концерт берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(70)
06.02.2016. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мыкты деңгээлде өткөн окшойт е
06.02.2016. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ырларынын баары жакшы маанилүү Гүлжигит ака сизге ийгилик
06.02.2016. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Kadyrbek09.10.2015,рахмат)
06.02.2016. 05:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
guljigitt,гулжигит аке жаны ырларынызды качан угабыз мункун болсо супер инфоного жуктоп койунуз чу сураныч жаны ырларынызды сабырсыздык менен кутуп журом ишинизге ийгилик концертинизди жакшы откоруп алыныз
06.02.2016. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
билет баасы канчадан экен?
06.02.2016. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сураныч диск кылып чыгаргылачы ушул концертти
06.02.2016. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Торт тарабы топ келген ырчыда ийгилик сизге Гулжигит байке ар дайым
06.02.2016. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Голубой формасынан башкасы козумо жарашпагандай корунду.. Чын эле билет баасы канча экен?баргандар болсо жооп кутом.
06.02.2016. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ырлары сонун мааниси терен,уну жагымдуу уккулуктуу,ар бир аткаруусу журокко жетет.Унунузго береке...
Концертинизди ийгилуктуу,аншланг менее откоруп алыныз,формалары баары сонун бирок тиги типа плащьча формасы ак,кара сахнага анча жарашпаптыр,боюн кыска кылып коргозуп.
Гулжигит байке сахнадан эле эмес,турмуштанда оз ордунузду таап алын,уй булолук бакыт каалаймын:)Эки дуйно бактылуулук))))
06.02.2016. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик каалайбыз
06.02.2016. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Guljitiitin chygarmalaryn oto syiyp ugam,uigilik! Consertin uigiliktyy otkozyp alsun.
06.02.2016. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гуке братишка молодец,талантын ташкындап оргуштап кайнап чыга берсин.Ар дайым элдин маанайын которуп жакшы концерттерди бере бер.Бирок мен ойлой берем, тиги Манас Алыкулов деген братишка любой жерде катышат экен да.Ошону корсом эле аллергия боло берем,прическа да ни то.Таарынба го бирок братишка.
06.02.2016. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толук версиясын кутобуз.
10.02.2016. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aikol87,Самара менен Гулжигит ШОУ дүйнөнү ЖАРДЫ!!баракелде!!Башка ырчылардан айырмасы бар да туугандар)))))
06.02.2016. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Гулжигит байке Ошко качан концерт коюп келес? Анан фамилиябыз окшош экен,концертинизге чакыруу бересби???
06.02.2016. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kopiko,Бекер болсо уксус ширин дегендерден окшойсун.
06.02.2016. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Гулжигит ака экобуздун майрамыбыз бир кундо го 9-май мага да берин бир билет
06.02.2016. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ээээх кризис.акчам болсо мен да бармакмын.ийгилик каалайм.
06.02.2016. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигит аке чыгармачылыгынызга ийгилик каалай!!! Ошкода концерт койсонуз жакшы болмок
07.02.2016. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супердин жалпы жамааты мен жазган комментарий жок го
07.02.2016. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Samidinova84 бироонун ишине мурдуну тыккандардан окшойсун! Уксусту озун ичип калба ичин ачышканынан!
07.02.2016. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бегиш да журобу?
07.02.2016. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Гулжигит байкенин ырын абдан жакшы коруп угам да
08.02.2016. 08:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен бардым.чындыгында соонун болду .
Башынан аягына чейн күлкү болуп жандуу үн менен ырдалып соонун болду.
Гүлжигит байке азаматсыз!!!
08.02.2016. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лейлектик кызга уйлондубу, кантип журот бойдок болуп тажабадыбы
08.02.2016. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырлары баары маанилуу жана уккулуктуу. Ушунунуздан жазбаныз сиздей таланттар коп болсун ...
Медиа-портал
09.02.2016. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ар бири журоко жетет.чыгармачылык ийгилик.
Медиа-портал
09.02.2016. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsyz Guljigit bayke!!! Chygarmachylyk iygilik!!!
SUPER.KG видео
09.02.2016. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Концерт деп ушуну айт
SUPER.KG видео
09.02.2016. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул концертти качан көрөбүз дагы күтөт экенбиз даааа бир жыл ишиңизге ийгилик Гүлжигит
SUPER.KG видео
09.02.2016. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынында сонун болгону айтпасак да корунуп турат, куермандарынын бийлеп жатканын карасанар ,

+5
SUPER.KG видео
09.02.2016. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Гулжигит
SUPER.KG видео
09.02.2016. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Конул толот.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: