Нарында күйөөсү менен аялы өрт кырсыгына кабылып, учурда ооруканада
Кечээ, 5-февралда Нарын шаарындагы үйлөнүү-үлпөт салондорунун биринде өрт чыккан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын шаарындагы Өрттүн алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Ташмамбетов кабарлады.
"Бизге өрт тууралуу билдирүү саат 17:10дордо түштү. Айтылган дарек аркылуу барганыбызда үйлөнүү-үлпөт салону өрттөнүп жатыптыр. Салондун 15 чарчы метри, ичиндеги эмеректер күйүп кетиптир. Өрт толугу менен 17:35те өчүрүлүп бүттү. Азыр өрттүн себептерин тактап жатабыз. Ал эми салондун ичиндеги эки адамдын бири 1989-жылкы жигит денесинен 10-15 пайыз күйүк алып, жанындагы аялынын денеси 80 пайызга күйүп, ооруканага жеткирилишти",- деди Нурлан Ташмамбетов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:38
2025-07-13

12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Акыркы кундору тилсиз жоо коп болуп жаткандай. Орт жер титироо ж.б