super.kg logo

Бишкекте алгачкы жолу театрлар таймашы өтөт

 

27-февралда Бишкекте алгачкы жолу театрлар таймашы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Белгилүү болгондой, таймаш, аталган министрлик тарабынан өткөрүлөт.

Таймашка өлкөбүздөгү театрлардын баары катыша алат. Катышкан театрлар үч жанрдагы чыгарма даярдоого тийиш (драма, трагедия, комедия). Ар бир чыгарма 10 мүнөттөн болуш керек. Чыгарманы таймашка түшүүчү театрлар өздөрү тандап алат жана калыстарга алдын ала маалымдалат. Беттешүүчү театрлар чүчү кулак аркылуу аныкталат. Ар бир таймашта экиден театр ат салышат. Жеңишке жетишкен театрларга акчалай сыйлыктар берилет.

27-февраль күнү Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болуучу алгачкы таймашта Б.Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры менен Мамлекеттик "Учур" жаштар театры беттешет”,- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.02.2016. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Театр иши ушинтип жанданса экен, бирок 10 мүнөт өтө аз го. Бул убакытта мүмкүнчүлүктөрүн ачып бере алышабы...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: