super.kg logo

Катуу сабалган Назбийкенин эжеси: "Сиңдимди кордогон ата-энем түрмөгө камалышы керек!"

 

SUPER.KG порталы бүгүн, 8-февралда үйүнөн катуу сабалып Бишкекке качып келген Назбийкенин бир тууганы Сайкал менен байланышты. Жабырлануучунун эжеси күнөөнү ата-энесине коюп, алардын сот жообуна тартылышын талап кылууда.

"Ачыгын айтканда, апабыз "нервная" болуп калган. Кичине бир нерсе жакпай калса эле уруш чыгарып, тополоң башталат. Кичинемде мени деле сабап жүрчү, чыдадым. Сиңдиме деле чыда деп кеңеш берип келгем. Назбийке акылдуу, тартиптүү, мектепте жакшы окуган кыз. Катуу сабалганына чыдабай качып кетти окшойт. Сиңдим менен сүйлөшөйүн деп жатам. Эгер макул десе, сот аркылуу өзүмө өткөрүп алып карайм. Бирөөнүн колунда жүргүчө эжесинин үйүндө жүрсүн. Өзүм үй-бүлөлүүмүн, күйөөм да буга макул болду. Баарын өгөй атасы менен анын турмуштан чыккан улуу кызы кылып жатат. Шылтоо таап, Назбийкени апасына жаман көрсөтүшүүдө",- дейт Сайкал.

Кызын сабаган ата-эне үйүнө келгенин айтат жабырлануучу кыздын эжеси.

"Кечээ келишиптир, "Назбийке менен сүйлөшүп жатасыңбы?" деп жалдырашат. "Сабадыңарбы, эми жооп бергиле. Силердей ата-эненин барынан жогу жакшы, түрмөгө камалышыңар керек" дедим. Бойго жеткен кызды да ушунча кордойбу?! Кыз деген ата-эненин үйүндө конок, эртең эле турмушка чыгып кетет. Назбийкенин келечегин, тагдырын эмне үчүн ойлонушпайт? Мындай ата-энелерге боор ооруганга болбой турганын түшүндүм",- деди кыздын бир тууганы.

Сайкал учурда Ош облусунун Кара-Суу районунда турары белгилүү болду. Сиңдиси макулдук берип, соттун чечими чыкса, бир тууганын жакын арада өзүнө аларын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(25)
08.02.2016. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
туура
08.02.2016. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Туура кыз бала уйдо конок болот .кызык адамдар . оз кызында ушунча сабайбы
08.02.2016. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-20
Ушунчалык токмоктогону албетте туура эмес,а бирок биз бир тараптын эле оюн угуп жатабыз,кызда да бирдеме бар,жакшына болуп сабагына барып келип,журуш турушу жакшы болсо мынчалыкка барбаса керек эле энеси,биз деле кичинебизде туура эмес кылганыбызда жазаланчубуз.
08.02.2016. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
aikokul14,акылы жоктук кылба.Кыз тентек болсода оз апасы анчалык сабаганга акысы жок оз кызын. КИМ таза дейсин азыр баарынын куноосу катасы бар.Бирок бул урганы ушундай заманда болбойт огой энеда мынчалык уралбайт
08.02.2016. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Туура кылат, тушунуктуу эжеси бар экен.
08.02.2016. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Э заманың менен куруп кал!
08.02.2016. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызча"Золушка"версиясы болуптурго
08.02.2016. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Ээ ушул Назбийкенер тынчып кетеби деги кундо окуй берип мээге да синип калдыго
08.02.2016. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соттун чечими качан чыгат экен
08.02.2016. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эгер ата энеси анчалык жаман болбогондо эжеси да мынтип баш тартпаса керек.
Кызык атасын мейли огой огойлук кылды дейли апасы оз канынан жаралган кызын бооруна басып аяп койалбаган таш боор эне экен.
Анан ушул ата эне кичине балдарын кантип багып жатышат экен деген ой мээмди жеп койду. Аны багып алганбыз дейтко ата да эне да огой оз баласына мээрими жок энеде байкуш балага мээрими бар экенб..
Админ кошуна колондорунан маалымат алсанар болобу ушул уй було жонундо
08.02.2016. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кичине калганда ата энеси жон эле журушбоптурда,мейлиго атасы огойкен,апасы ойлобойбу оз кызын келечегин,бойго жетип калган экен,кичине чыдашса турмушка деле чыгып кететко.Бышып калган нанды сууга тыкпай,эми турмушка чыксада кайын журту,куйоосу кандай кабыл алышаткен.Кудай озу колдоп жакшы,тушунуктуу куйоого туш болуп бакты ачылып кетсекен."Багы жокко,дагы жок"деп куйоосуда ата энен ушинткен деп кордобой.
08.02.2016. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Svoboda83 - эскертүү!
Жеке айтышууларга тыюу салынат. Ар бир колдонуучу өз ой-пикирин жазганга укуктуу. Бирок порталдын эрежелеринин негизинде гана.
08.02.2016. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чонойтуп койгондон кийин жаман болуп калдыбы эми? Эссиз омуру,нерви короптур силерге. Силерди деп эне байкуш ушул абалга келбедиби? Каматардан алдын дарылатып королу деп ойлонбодунарбы? Кудай башка салган сыноону которгуло. Энен олтуруп койсо да унчукпа,акысы бар. Кудай сактасын.
08.02.2016. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сотко кайрылса тез эле чечилет кызы Назбийке макулдук берген болсо эжесине откоруп берет.inna_91 сиз окубай эле коюнуз башка окурмандарга Назбийке эмне болду экени кызыктуу болуп жатат
08.02.2016. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Назбийкенин жашоосунда мындай жамандык башка болбосун деп тилек кылам. Бирок, анын жашоосу дагы деле болсо кооптуу. Анткени, турмушта болуп жаткан жагымсыз, аянычтуу окуяларга кубосуздор. Анткенимдин себеби, Назбийке жездесинен да кордук коруп калбаса экен деген будомук ойдомун. Кудай сактасын!
08.02.2016. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимге мшенсе болот,Апасы ыйлап сабаган жокпуз деп интервю берди го ....
08.02.2016. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ата-энеси камалып кетиштен коркуп эле артист болуп жатышат бир болсо.
08.02.2016. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Откондо укмуш рол аткарып ыйлап жатышпады беле,апасы мн ата соройу.....демек сабагандары чын экен да эжеси тастыктаптыр го
08.02.2016. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн туура башка кимге ишенет эле ишенген ата-энесиби.
08.02.2016. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Макул, оздору айткандай мыйзам чеги м.н камалсын. Ошондо тообосу канабы?! Башы кокко жетеви?! Атасы озу айткандай огой болсун, ага анча ичи ачышпайт. А апасычы?! Апасы камалсачы?! Кантсе да, тун уйкусун болуп, ак сутун берген!… Озуно эле жаман. "ата -энесин каматкан" кыз деп, омур бою сомойлору м.н корсотот!
09.02.2016. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ene degen Ene balasyna booru ooruit bekerinen aitylbasa kerek beish tamanyn astynda..a birok ogpi atasyn sotko emes otko berse da baaribir!!
09.02.2016. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай озун сакта!Эмне заман болуп кетти? Илгери согуш маалында,уркундо да кыргыз бири бирине кол салган эмес.Азырчы оз наристелерин зордогон Ким? Кыргыз!Президенти оз калкына ок чыгарган Ким? Кыргыз!Россияда жургон кыздарыбызды коргобой кордогон Ким? Кыргыз!Ата эне оспурум кызын сабап,кызы оз Ата энесин сотко берип,эмне болуп баратабыз? Алакандай болгон кыргызым эсибизге келеличи.
09.02.2016. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Огой ата баарын коркутупт алса керек.апасын да Уруп журуп нерв кылгандыр.чын эле дарылатыш керек
09.02.2016. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сайкал эси жок, энеге да каршы чыкмак беле мусулман пенде. Эненди кечирип, огой атанды каматып эненди алаканына салып даарылатып жакшы кара кучугум.Эгер энене каршы чара колдоннсон, сен да Эне болосун унутпа. Кызды кордогон огой атага каргыш, колуна шал. Кудай кызы энесине бала атасына каршы чыккан замандан сакта.
09.02.2016. 04:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айылындагы кошуналары классташтары Назбийке жонундо айтыштыго СЕНТЯБЫРЬ телеканалынан эчкандай урганын корбодук деп. Акыркы пандоры Назбике телефондо бейтаныш бироолор менен байке деп суйлошуп дурное экен, озунун классташ достору мененда жакшы суйлошбой калган экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: