super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев насыя алуучуларды колдоо боюнча программаны натыйжалуу жана так аткаруунун зарылдыгын айтты

 

Бүгүн, 8-февралда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Президенттик аппараттан билдиришкендей, жолугушуу учурунда мамлекет башчысы өлкөдө туруктуу макроэкономикалык кырдаалды, ошондой эле улуттук валютанын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат алды.

Толкунбек Абдыгулов Улуттук банк жана өкмөт коммерциялык банктар менен бирге жарандардын чет өлкөлүк валюта менен алынган ипотекалык насыяларын улуттук сомго которуу боюнча президенттин тапшырмасы кандай аткарылып жаткандыгы жөнүндө да айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев насыя алуучуларды колдоо боюнча бул программаны натыйжалуу жана так аткаруунун зарылдыгын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы мындан ары да өлкөдөгү финансы-кредиттик мекемелердин туруктуу жана ишенимдүү иштөөсүн жана валюта рыногунун тең салмактуулугун камсыз кылуунун маанилүү экендигин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: