super.kg logo

Кыргыз кинорежиссёрунун фильми Индияда өткөн фестивалда мыкты аталды

 

Кыргыз кинорежиссёру Дальмира Тилепбергенованын “Асман алдында” фильми Индиянын Бангалор шаарында өткөн эл аралык фестивалда Азияда тартылган тасмалардын арасында мыкты деп табылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда «Айтыш фильм» киностудиясынын басма сөз катчысы Чолпон Идрисова маалымдады.

Анын билдиришинче, кинофестивалга Кыргыз Республикасы, Япония, Түштүк Корея, Шри-Ланка, Пакистан, Филиппин, Иран, Индия, Бангладеш, жалпысынан 12 өлкөнүн тасмалары көрсөтүлгөн.

Иш-чаранын уюштуруучулары кыргыз киносу акыркы учурда өзгөчө популярдуу жана актуалдуу болуп жатканын белгилеп, Садык Шер-Нияздын “Курманжан датка” жана Мирлан Абдыкалыковдун “Сүтак” фильмдерин белгилеп өтүштү. Индия тарап мындан ары Кыргыз Республикасы менен бул жаатта кызматташууга даяр экенин билдирди”,- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: