super.kg logo
  Саясат  

Малайзиянын дагы бир университети кыргыз жаштарына акысыз окуу үчүн 5 орун бөлдү

 

Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчилиги Лимкоквинг креативдүү технологиялар эл аралык университети Кыргыз Республикасынын студенттерине акысыз окуу үчүн 5 орун бөлгөнүн кабарлады. Мындай демилге 2015-жылдын 17-ноябрында элчи Кылычбек Султанов менен аталган университеттин ректору Тансри Д-р Лим Кок Вингдин Сайберджая шаарындагы жолугушуусунда колдоо тапкан. Жолугушууда университеттен кыргыз жаштарына стипендия бөлүү, Кыргыз Республикасына университеттин филиалын ачуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланган эле.

Маалымат үчүн: Лимкоквинг креативдүү технологиялар эл аралык университети 1991-жылы негизделип, Малайзиянын "Силикон өрөөнүндө", Сайберджая шаарында жайгашкан. Университет 6 факультет аркылуу кеңири багытта билим берет: инновациялык дизайн, мультимедиа жана чыгармачылык, коммуникация, медиа жана чагылдыруу, маалыматтык жана компьютердик технологиялар, бизнес менеджменти, архитектура жана курулуш.

Окуу жай өзүнүн тарыхында үч континентте: Англия, Ботсвана, Индонезия, Малайзия, Лесото, Камбоджа, Свазиленд падышалыгы, Кытай сыяктуу өлкөлөрдө кампустарын ачкан. Малайзиялык филиалында дүйнөнүн 130 өлкөсүнүн студенттери билим алышат.

Элчилик Малайзиянын башка университеттери менен да кызматташтык түзүү боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүдө. Башкы максат - кыргыз студенттерине малайзиялык ЖОЖдордон орун бөлдүрүү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Эскерте кетсек, жакында Малайзиянын "Kolej Mentari" университети өлкөбүздүн 10 жаранын акысыз окутууга орун бөлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: