super.kg logo

Катуу сабалган 17 жаштагы Назбийкенин окуясы боюнча "кыйноо" беренеси менен кылмыш иши козголду

 

Жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, 17 жаштагы Назбийкенин окуясы боюнча "кыйноо" беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

"Атайын дайындалган экспертизанын жыйынтыгы менен 17 жаштагы Назбийке жеңил жаракат алгандыгы аныкталды. Факт боюнча "кыйноо" беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө", - деп билдиришти аталган Ички иштер башкармалыгынан.

Бул боюнча Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев төмөнкүлөрдү билдирди: "Азыркы тапта жабыркаган кыз башканы, ал эми анын ата-энеси башка нерсени айтып жатышат. Сабалган кыз реабилитациялык борбордо дарыланууда, буга байланыштуу тергөө амалдары толук кандуу жүрбөй жатат. Кыз качан аталган борбордон чыкканда, окуя кандай болгону аныкталмакчы. Ал эми азырынча кылмыш иши факт боюнча гана козголду".

Айта кетсек, 29-январда эртең менен 17 жаштагы Назбийке аттуу кыз Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарынан Бишкекке качып келгени белгилүү болгон. Ал кичинекей кезинен бери ата-энеси тарабынан кордук көрүп келе жатканын айтып берген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(13)
08.02.2016. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ушунча сабалса деле женил жаракат алган деп эле коюшабы. Кошмар.
08.02.2016. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Анан эмне ооба биз сабадык дейт беле.Элдин баары коруп билип олтурса.
08.02.2016. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Това кечеле "кан тамыры жарылган, тиги бул" деп аттылего?! Эми буларга да ишенер ишенбешинди билбейсин?…
08.02.2016. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ар аптада ар кыл кылмыш иши козголуп калдыго !!!! Эх закон боюнча баары жазасын алсын ! берки эшиктен кирип наркысынан чыгара бербей ,,чыгарса чыгарсын куноосу жок адамдарды олтуруп жатат дагы мурун соттолгон адам экен бул жакшына эсинен кеткис кылып жазасын бериш керек болчу
08.02.2016. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Демек кыздын энеси жалганчы же кыз жалганчы да создору бири бирине дал келбейт эки жуздуулор
08.02.2016. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кыз жалганчы дейли жаман журуп кетти дейли ошондо да мынчалык урганга акылары жок.Эгер жаман кыз болгондо мынтип таяк жеп отурбай эле качып кетмек эчак эле.Коруп туруп кок ала денесин кантип кызды куноолойсунор?Жаш да 17 жаш
08.02.2016. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул кызды уйдо каттуу сабаган учун качып чыккан чыгар. Бишкекке жардам сурап келсе, ал адамдар "кел сени кок- ала кылып уруп салып,ата-эненден куткаралы" дегенге башы иштеген эч бир кыз конбосо керек. Эгер ушул сыяктуу иштер боюнча туура чара колдонбосо, мындан ары да мамлекетибизде балдардын укугу тебелене берет.
09.02.2016. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тергоо амалдары журбой жатат ,иш козголду деп отура бербей,бат бат ишти териштирип,куноосун мойнуна койгула.Темирди кызуусунда чап дейт го.Куноокор созсуз оз жазасын алууга тийиш!
09.02.2016. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акчанын жыты жыттана тушуптурго бул жердеда.
09.02.2016. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
inna_91 кыздын энеси жалганчы бул жерде кыздын буттарындагы колдорундагы кок болуп сабалганы корунуп туратко агада ишенбейсинби
09.02.2016. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен болгондо оор жаракат алган демекчимин. Мээси чайкалганы, шишиги, гематомалары кундо сыздатып оорутуп жатса керек. Уктаарда кырына жата албай онтолотуп. Корбогондой болуп кетсин байкуш кыз. Ошондо атанесин сурака алыштывы? Айрыкча атасын? Ошол урган деп жатпайбы. Беттештирсе апасы же муну беттен алат, же артис болуп бутуна жыгылат, ошондо кыз боору оруп созунон тайып кетсе кылмышкерлер жазасыз калуусу мумкун. Жанында психолог эксперттер болуусу зарыл, жаш кызды колдогон.
09.02.2016. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AlbertEnshtein,

Туура айтасыз.
10.02.2016. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин кыргыздарга бул эч нерсе эмес- дегендей эле чечим чыгарып коюптур го. Тим эле женил жаракат деп! Качан олтуруп койгондо гана,коздору ачылат.Эгер акчан болсо,олтуруп койсо да,женил жаракат дештен да намыстанышпайт!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: