super.kg logo

"Центерра Голд Инк." Монголиянын парламентинин "Гацуурт" кени боюнча резолюциясы жөнүндө билдирет

 

"Центерра Голд Инк." Монголиянын парламенти "Гацуурт" кени боюнча резолюция кабыл алганын жарыялады. Компаниянын маалымат кызматынан билдиришкендей, ага ылайык, "Гацуурт" долбоорундагы мамлекеттин үлүшү 34 пайыз өлчөмүндө белгиленет, ал эми өкмөткө "Центерра" менен бул үлүштүн берилүү шарттары жөнүндө сүйлөшүүлөрдү аяктоо ыйгарымы тагылат. 2015-жылдын октябрь айында компания менен өкмөттүн ортосунда мамлекеттин долбоордогу 34 пайыздык үлүшүн алмаштыруучу 3 пайыз өлчөмүндөгү атайын лицензиялык төлөм (бул лицензиялык төлөм Монголиянын учурдагы жер казынасын пайдалануу үчүн лицензиялык төлөмдөрдү жана салыктарды төлөө режимине кошумча киргизилген) жөнүндө келишимге жетишилген. Өкмөт менен компаниянын талкууларынан улам "Центерра" кабыл алынган резолюция өкмөт менен "Центерранын" ортосундагы бул келишимди бекитүү үчүн өкмөткө тескөө болуп саналат деп болжолдойт.

"Центерранын" башкы аткаруучу директору Скот Перри: "Парламенттин резолюциясы "Гацуурт" долбоорун жүзөгө ашырууда өтө маанилүү кадам. "Гацуурт" долбоору - бул "Бороо" кен ишканасындагы "Центеррага" таандык учурдагы фабриканы жана башка инфраструктураны анын запасы 1,6 миллион унция алтынга барабар "Гацуурт" кенин баштапкы капиталдык салымдардын олуттуу эмес көлөмдөрүн гана пайдалануу менен иштетүү үчүн пайдалануунун кызыктуу мүмкүнчүлүгү. Азыр компания өз аракеттерин Монголиянын өкмөтү менен инвестициялык макулдашууну жеткире иштеп чыгууга жана кол коюуга топтомокчу. Биз "Гацуурт" кенин иштетүүнү жакында баштоого жана Монголиядагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүбүздү дагы көп жылдарга улантууга үмүттөнөбүз",- деп билдирди.

Компания Монголиянын өкмөтү менен биротоло макулдашууларга (кенди иштетүүгө макулдашууну жана инвестициялык макулдашууну кошо алганда) кол коюу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууну күтүүдө. Бул макулдашууларга ийгиликтүү кол коюлгандан кийин компания аткарылган жана 2006-жылы майда жарыяланган долбоор боюнча мурда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдү толуктоо үчүн техникалык-экономикалык изилдөөлөрдү аткарат. Бул иштин алкагында компания "Гацуурт" кенинин кычкылданган кен ресурстарын олуттуу көбөйтүүгө багытталган геологиялык чалгындоо бургулоо программасын жүзөгө ашырат, ошондой эле кошумча гидрогеологиялык бургулоо жүргүзөт. Биротоло макулдашуулар түзүлгөндөн кийин компания көрсөтүлгөн изилдөөлөрдү жана бургулоолорду аткаруу графиктерин, ошондой эле долбоордун жүзөгө ашырыла башталышы жөнүндө жаңыртылган маалыматтарды берүүнү пландоодо.

"Гацуурт" долбоору компанияга тиешелүү "Бороо" кен ишканасынан болжол менен 55 чакырым аралыкта жайгашкан. Анын Монголиянын аракеттеги жаратылышты коргоо мыйзамдарына жана "Бороо" кен ишканасынын стандарттары менен макулдашылган эл аралык стандарттарга ылайык жүзөгө ашырылуусу пландаштырылууда. "Гацуурт" долбоору боюнча эсептик минералдык запастар 2014-жылдын 31-декабрына карата тоннасына борттук 1,4 грамм курамы менен тоннасына орточо 2,9 грамм алтын курамы менен 17,1 миллион тоннаны түзгөн. Минералдык запастар алтындын унциясына 1300 АКШ доллары өлчөмүндөгү баа менен эсептелген.

Бул маалыматтык билдирүүнүн толук тексти менен таанышуу үчүн шилтемени басыңыз.

“Центерра” жɵнүндө толук маалымат www.centerragold.com корпоративдик сайтында жана SEDAR www.sedar.com маалыматты электрондук издөө системинде жеткиликтүү.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: