super.kg logo
  Саясат  

"Жайыттардан түшкөн акча кайда жумшалып жатканы белгисиз" дейт депутат Бакиров

 

Бишкекте 8-февралда “Жайыттар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгеси боюнча тийиштүү тараптардын жолугушуусу өттү.

Демилгечи депутат Мирлан Бакиров "Жайыт комитети жөнүндө" мыйзам кабыл алынгандан бери жакшы иштер аткарылганы менен, айрым жайыттар деградацияга учурап жатканын айтат. Жайыт пайдалануучулардан 135 миллион сом каражат түшкөнүн айтып, бирок акча кантип жумшалгандыгы ачык болбой жатканын, түшкөн акчанын үчтөн бирин жергиликтүү бийликке калтыруу сунушталганын белгилеп, жайыт талаштан чыккан чырлар көбөйүп жатканын айтты.

Талкууда жайыттардын чек арасындагы талаштарды аймактык-административдик реформа жүргүзүлгөндөн кийин чечүү туура болору айтылды. Жайыт пайдалануудан түшкөн каражаттардын үчтөн бирин жергиликтүү бюджетке калтырууда атайын келишим иштеп чыгуу, "Жайыт пайдалануучулардын уставын" өзгөртүү, жергиликтүү кеңештин депутаттарын жана айыл өкмөт башчысын Жайыт комитетинин курамынан чыгарып, Байкоочу кеңешке киргизүү сунуштары белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: