super.kg logo
  Саясат  

Тийиштүү агенттикке кен казуу тармагындагы сынактарды өз мөөнөтүндө өткөрүү тапшырмасы берилди

 

Өкмөт жетекчиси Темир Сариев 9-февралда Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алып, агенттиктин 2015-жылкы иши талкууланды.

Премьер тоо-кен тармагы өлкөнүн экономикасы үчүн маанилүү тармак экенин белгилеп, кен өндүрүүчү ишканаларды иштетүү боюнча өкмөттүн жана аталган агенттиктин алдында бир катар милдеттер турганын билдирди. Бул жылкыга пландалган сынактарды өз мөөнөтүндө өткөрүү зарылдыгын айтты.

"Жер-Үй", "Терекан-Перевальный", "Чаар-Ат", "Кичи-Чаар-Ат" кендеринде фабрикаларды куруу жана өндүрүштү ишке берүү боюнча пландын аткарылышы көзөмөлдөнмөкчү.

Зилалиев агенттиктин 2016-жылга пландары, жер казынасын пайдалануу укугун алуу боюнча аукциондорду өткөрүү жана коррупцияга каршы күрөшүү жолдору тууралуу маалымат бергенин өкмөттөн кабарлашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: