super.kg logo
  Саясат  

Эл аралык каттамдарды жүргүзүүчү учактар кошумча нарк салыгынан бошотулууда

 

Бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорунун концепциясы каралып, 1-окуудагы мыйзам долбоору боюнча экономика министри Арзыбек Кожошев баяндама жасады.

Бул мыйзам долбоору кыргыз авиакомпаниялары менен эл аралык аба ташууларды жүзөгө ашыруучу аба кемелерине май куюу үчүн реактивдүү күйүүчү майларды берүүлөргө карата 0 пайыз өлчөмүндө кошумча нарк салыгынын ставкасын белгилөөнү карайт.

Талкууда күйүүчү майларды берүүлөргө карата 0 пайыз өлчөмүндө КНС ставкасын киргизүү менен бюджет 35 миллион сомго кыскарары белгилүү болду. Ошону менен катар сырткы аба каттамдарынын тарифи 5-7 пайыз арзандаары айтылды. Депутат Төрөбай Зулпукаров мыйзам долбооруна ички каттамдардын баасын арзандатуу боюнча сунушун берди. Мыйзам долбоору өтө кечигүү менен келип жатканын сынга алган депутат Исхак Пирматов мыйзам долбоорунун күчүнө киришин мыйзамдын кабыл алынышы менен киргизүү зарылдыгын айтты.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: