super.kg logo
  Саясат  

Таалай Айткулов: "Казакстандын чек арасынан фитосанитардык көзөмөл алынды"

 

Кыргыз мамлекети Бажы биримдигине кошулгандан кийин “Манас” Эл аралык аэропортунда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын баштапкы текшерүүчү лабораториясы ачылган. Бул тууралуу 10-февралда инспекциянын башчысы Таалай Айткулов билдирди.

“Бажы биримдигине киргенге чейин биздин иштөөчү, эс алуучу кабинеттерибиз жана баштапкы текшерүүчү лабораториябыз жок болчу. Муну Орусиянын каржылоосу менен ачып беришти. Бизден өтүүчү жүктөрдүн баарын Бишкек шаарында жайгашкан фитосанитардык лабораторияга жиберип, ал жактын маалым каты менен гана өткөрүүгө уруксат берчүбүз. Азыркы учурда экспорттолуп жана импорттолуп жаткан товарларды “сейф пакетке” салып лабораториядан алгачкы текшерүүдөн өткөзүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Кардарларга жеңил болуп калды. Казакстандын чек арасынан Фитосанитардык кызмат алынды, бизде азырынча андай буйрук боло элек”,- деди Айткулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: