super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев: "Мамлекет чыныгы муктаж жарандарга даректүү жардам көрсөтүшү керек"

 

Бүгүн, 10-февралда премьер-министр Темир Сариев социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаевди жана Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Бактыбек Адыловду кабыл алды.

Жолугушууда аталган органдардын аткарган иштери жана 2016-жылкы пландары талкууланды.

Сариев өкмөттүн негизги милдеттеринин бири жарандарды социалдык коргоо экенин белгилеп, алдыда бир катар тапшырмалар турганын билдирди. "Учурда республикалык бюджеттин 52 пайызы социалдык багытка каралган. Бул каражаттын эффективдүүлүгүн жана даректүүлүгүн жогорулатуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү керек. Мамлекеттин көрсөткөн жардамы чынында эле муктаж болгон адамдарга сезилерлик деңгээлде болушу шарт",- деди премьер.

Мекеме башчыларына калктын аярлуу катмарларына, балдарга жана карыларга даректүү жардам көрсөтүүдө Социалдык өнүгүү министрлигин ачыктыкты камсыздап, тартипке салууга милдеттендиргенин билдиришти өкмөттөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: