Парламентте Кант шаарынан табылган 230 даана жарылуучу заттын ээсин табуу зарылдыгы айтылды
Жакында жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган Кант шаарындагы канализациядан 230 даана жарылуучу зат табылганы тууралуу маалыматты сөзсүз териштирүү керек. Бул тууралуу депутат Улан Примов Жогорку Кеңештин 11-февралдагы жыйынында билдирди.
"Табылган жарылуучу заттар жок кылынары айтылды. Экстремисттик жана террористтик күчтөр тарабынан мамлекетибиздин улуттук коопсуздугуна коркунуч жаралып жаткан шартта, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Ички иштер министрлиги алардын ким тарабынан жана кандай максатта катылганын тактап, тиешелүү чараларды көрүшү зарыл",- дейт депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

