super.kg logo
  Саясат  

Кубанычбек Кулматов: "Менден кийинки мэрдин иши оор болот"

 

"Менден кийинки мэрдин иши оор болот, анткени анын ишин эч ким баалабайт",- деп билдирди Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматов 11-февралда журналисттер менен жолугушууда. Экс-мэр шаар башчысынын иши өз убагында эмес, ал кызматтан кеткенден кийин гана бааланарын айтат.

"Башкалар үчүн жооп бере албайм, 2016-жылдын эки айындагы иштер боюнча отчётумду берип кете берем. Биздин команда кийинки мэрге жумуштун системин баарын айтып берет. Ишибизге объективдүү сындар айтылды, биз аны көтөрө алдык. Шаар ичинде тазалык маселесин жолго коюу үчүн 4 компания керек. Шаар ичиндеги базарлардын баарын шаар четине чыгарыш керек. Иса Өмүркулов баштаган тазалык боюнча долбоорду уланттык, айрым өзгөрүүлөр болгон. Мисалы, биз таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруудан баш тартканбыз. Биз түзгөн систем менен азыркы күндө таштандылардын 65 пайызы кайра иштетилип жатат",- деди Кулматов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: