Нарында мектептерге чарбалык каражатты сатып алуу боюнча өткөн тендерден кийин мамлекетке 195 миң сомдон ашуун зыян келтирилген
Тендердик комиссиянын төрагасына карата кызмат абалын кыянаттык менен пайдалангандыгы, мамлекеттик кызыкчылыктарды камтыбаган келишим түзгөндүгү үчүн кылмыш иши козголду. Муну 11-февралда Мамлекеттик экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кочкор районунун мектептерине чарбалык каражаттарды 912 200 сомго сатып алуу боюнча тендер жарыяланган. Ага катышуу үчүн 5 жеке ишкер документ тапшырган. Эң арзан баада долбоорду аткара турган талапкер болгонуна карабай андан көбүрөөк сумманы сунуштаган жеке ишкер жеңүүчү деп табылган. Келишимди түзүүдө мамлекетке 195 500 сомдук зыян келтирилген. Бул иштин үстүнөн Нарын районунун прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.