super.kg logo

Эки жыл мурун Токмокто ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген эки адамдын Орусияга сатылышы боюнча эртең соттук отурум болот

 

Эки жыл мурун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген эки адамды Орусияга 500 долларга сатып жиберген Психоневрологиялык жатак-үйүнүн директору жана бул кылмышка катыштыгы бар жарандардын иши 12-февралда Аламүдүн райондук сотунда өтөт. Маалыматты SUPER.KG порталына 11-февраль күнү Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева билдирди.

Айта кетсек, окуя 2013-жылдын октябрь айында болгон. Анда Токмоктогу жатак-үйдүн директору 2-топтогу эки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамды 500 долларга Орусияга сатып жибергени айтылган. 2014 жылдын 22-июлунда Токмок шаардык сотунда "адам сатуу" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча иш каралып, жогоруда аталган интернаттын директору Курманкул Жумалиев жана аны менен биргеликте иштеген Елена Калчаева, Азамат Калчаевдин ар бирине "100 000 сомдон айып пул төлөсүн" деген өкүм чыккан.

Кийин жаза ишти Чүй облустук соту 2014-жылы 29-сентябрда карап, Токмок сотунун чечимин күчүндө калтырган. Андан соң айыптоочу Жогорку Сотко арызданып, ал жактан кылмыш ишин Аламүдүн райондук сотунун кароосуна беришкен. Соттук отурум 2016-жылдын 13-январында Аламүдүн райондук сотунда өтмөк. Жактоочулардын суранычы менен сот 12-февралга жылдырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.02.2016. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тооба! Тооба! Тооба! Кантип колу барды экен ушундай ишке?
11.02.2016. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
anan taap alyp kelishiptirbi satylyp ketkenderdi joop berip koio alasyzdarby kyjaalat bolup kettim
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: