super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы бала бакчанын ачылышында кыш мезгилинде өздөрү пальто кийип, балдарды жука кийимчен тышта тургузууга мажбурлаган чиновниктерге чара көрүүнү тапшырды

 

Премьер-министр Темир Сариев Ош облусунун Алай районундагы бала бакчанын сыртта өткөрүлгөн ачылышына кыш мезгилинде балдардын жука кийинип катышкандыгына байланыштуу фактыны текшерүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы 12-февралда билдирди.

Өкмөт башчы балдар бакчасынын ачылышына байланышкан аземде кыш мезгилинде балдарды тышта тургузууга мажбурлаган чиновниктерге карата тийиштүү чараларды кабыл алууну тапшырды.

"Мен мамлекеттик маанидеги жана балдардын майрамдарынан тышкаркы учурда, жаш балдарды кандайдыр бир иш-чараларга тартуу тажрыйбасын токтотуу тууралуу бир нече ирет билдиргем. Мындан тышкары Билим берүү жана илим министрлиги тараптан балдарды жана мектеп окуучуларын расмий иш-чараларга пайдаланууга тыюу салуучу буйрук чыгарылган. Буга байланыштуу вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиевага келечекте мындай окуялар катталбашы үчүн аталган фактыны тыкыр иликтеп чыгуусун тапшырам",- деп билдирди Сариев.

Айта кетсек, 11-февралда Алай районундагы Жаңы-Алай айыл аймагынын Жаңы-Арык айылында бала бакчаны ачуу аземи орун алып, анда кышкы суукта өткөрүлгөн иш-чарага окуучулар жука кийимчен, ал эми чиновниктер пальто жана тумакчан катышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: