super.kg logo
  Саясат  

Катталбай калган оң рулдуу унааларды каттатууга жыл аягына чейин уруксат берүү чечими кабыл алынды

 

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын кезектеги жыйынында оң рулдуу унааларды каттатуу көйгөйлөрүн жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоору жактырылды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Дастан Бекешевдин айтымында, оң рулдуу унааларды өлкө аймагына ташып келүүгө жана каттатууга тыюу салган мыйзамдын күчүнө киришинен улам келип чыккан айрым карама-каршылыктарды жоюу милдети турат.

“Мыйзам долбоорунда 2015-жылдын 3-июнуна чейин өлкө аймагына алынып келинген оң рулдуу унааларды ээлерине өз мүлкүн каттатуусуна уруксат берүү чаралары каралган. Каржылык кыйынчылыктардан, дагы башка жүйөлүү себептерден улам алардын басымдуу бөлүгү унааларын убагында каттата албай калган. Ал кемчиликти жоюу зарыл”,- дейт Бекешев.

Жол-кайгуул кызматынын башчысы Ички иштер министрлиги мындай демилгеге каршы эмес экенин билдирип, бирок ага дагы бир кошумча шарт киргизүү зарылдыгын белгиледи. “Мыйзам долбоорунда каттатуу мөөнөтү белгиленбей калган. 2015-жылдын 3-июнуна чейин өлкө аймагына алынып келинген оң рулдуу унаалардын ээлерине өз мүлкүн каттатуусуна 6 айлык мөөнөт берилүүгө тийиш”,- дейт ал.

Депутаттар Жогорку Кеңеш менен өкмөт баш тарткан KG номурун жок кылуу жараянын популисттик иш-чарага айлантуунун кажети жок экенин айтышты. Алар KG номурлуу автомашиналар азыр деле жолдо жүрүп жатканын, аларды толук алуу зарылдыгын билдиришти. Депутаттар жаңы номурлардын качан даярдала турганына кызыгышты.

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев жаңы автоунаа номурларын даярдоого тендер жарыяланганын, анын жыйынтыгы менен ушул жылдын апрель айынан тарта мамлекеттик ишкана тарабынан чыгарыла баштай турганын айтты. Ал эгер чечим кабыл алынса, ИИМ, ӨКМ сындуу атайын кызматтардын номурлары да алмаштырыла турганын кошумчалады.

Жыйынтыгында фракция мүчөлөрү 2015-жылдын 3-июнуна чейин өлкө аймагына алынып келинген оң рулдуу унаардын ээлерине өз мүлкүн каттатуусуна 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттү уруксат берүү чечимине келди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: