super.kg logo

Коомдук активист ЖОЖдор 20 сомдук карточка үчүн студенттерден 200-300 сомдон топтоп жатканын айтып чыкты

 

Бишкектеги жогорку окуу жайлар мекемелерине турникет орнотуу үчүн студенттерден акча жыйнап жатышат. Коомдук активист Ренат Самудинов 12-февралда жарыялагандай, анын атына студенттерден арыздануу түшкөн.

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде 200 сом, КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында 250 сом, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында 375 сомдон топтолуп жатканы айтылат маалыматта.

"Кыргыз улуттук университетинин студенттери билдиришкендей, 10-февралда окуу жайдын башкы корпусунда бардык факультеттердин башчылары жана студенттик актив менен жолугушууда университеттин проректору Н.К.Асанбеков жыйналган 200 сом турникет үчүн карточка жасатууга алынып жатканын айтты. Турникет карточкасы 20-30 сом эле турат. Эгерде бардык студенттен 25 сомдон топтошсо, 582 500 сом болмок. Эгер ар биринен 200 сомдон алышса, 4 миллион 660 миң сом жыйналат. 4 660 000 - 582 500 = 4 077 500 сом. Арткан акчаны айрым жетекчилер өз чөнтөгүнө салышы мүмкүн деген жыйынтык чыгат",- дейт Самудинов.

Активист студенттердин укугун коргоо өтүнүчү менен Жогорку Кеңештин төрагасына жана өкмөт башчыга кайрылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(9)
12.02.2016. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ой мындай нерселер аябай коп .Эми жеттиби силерге.
12.02.2016. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Byl korynyshtor myrdale bolyp kelgen, bir nerse dein desen okyydan aidalasyn dep korkytyshat, anan aila jok berishke tyyra keletda baikysh stydentter.jakshy kylyptyr achykka chygaryp.akcha asmandan tyshyp jatkan jok azyrky zamanda.
12.02.2016. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ЖОЖдун окутуучулары оздорунун китебин чыгарып алып студенттерге зордукча сатышат,ушуга окшогон бизнесинерди токтоткула,силердин китебинердин кимге кереги бар,же бир таанымал алам болсо экен,омурундо бир иш корсоткон эмес,анан эле омур баянын жазып чыгат кимге кызыгы бар.
12.02.2016. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aikokul14, туура! Тажатты ушундайлар!
12.02.2016. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бизге тушундургон да 50сомдон деп,4курс окусан 4*50 барабар 200
12.02.2016. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акча турникеттин өзүн сатып алуу үчүн жана карточканы жасатуу үчүн чогултулса керек. Профсоюзга төлөнгөн акчанын эсебинен жасагыла деп профкомго кайрылсаңар болбойбу, бекер эле төлөй бербей.

Aitunuk түзөттү 2016-02-12 17:53:53
12.02.2016. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындай корунуш толтура.
Супер инфо сиздерден сураарым, Жалал-абадда мед колледжде да бир да зачет ачык акчасыз отпойт, мугалимдер ачык эле 300 сомдон 700 сомго чейин кээде 1000 сомдон топтоп койгула деп ачык эле айтат. Ушул маселени да иликтеп корсонуздор суранам?
13.02.2016. 03:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өлгөн экен да бир жолу.Балык башынан сасыган да.Баары эле эптеп эле жесем деп турат тообо
13.02.2016. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындай корунуш жат эмес болуп калды го, нормальный торолуш учун акча, дет садга киргенге акча, мектепке акча, университетке акча, жумушка киргенге акча, жогорулаш учун анан кайра айдалбаш учун ошол эле акча, андан сырткары жол жургонун учун (МАИ) дагы акча, ооруп больницага тушкондогу акча, (медиктердин футбол тобу болуп журо бересин), жада калса олсон дагы кабырынды сатып алганга акча! Ушундай маселелерди чечиш учун алышат да алар деле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: