super.kg logo

Кочкор районунун Кочкор айылында жайгашкан бут кийим чыгаруучу фабрика тарабынан бир нече мыйзам бузулган

 

Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айылында жайгашкан "Ренессанс" бут кийим чыгаруучу фабрикасынын кызматкерлеринин арызынын негизинде, Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясынын Жумгал жана Кочкор аймактык башкармалыгы тарабынан аталган фабрика текшерүүгө алынды. Бул тууралуу аталган инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, фабрика 2015-жылдын 1-декабрынан тартып иштегени маалым болду. Кызматкерлер менен эмгек келишими түзүлгөн, бирок бирден гана үлгүдө болуп, экинчи үлгүлөр жумушчуларга берилген эмес. Текшерүүдө кызматкерлердин укуктары бузулуп жана ишкананын жетекчилиги мыйзамга толук жооп бербеген иш аткарып келген. Маселен, кызматкерлер эртең менен саат 8ден кечки саат 22:00гө чейин иштеп, коопсуздугу каралган эмес. Андан сырткары ден соолукка келтирилген зыяндар, ашыкча убакыт иштеген кызматкерлерге кошумча акы төлөнгөн эмес. Эмгек кодексине ылайык, 50дөн ашык кызматкер иштеген мекемелерде жамааттык келишим түзүлүшү шартталат, бирок бул шарттар да аткарылган эмес. Жогоруда келтирилген фактыларды мыйзамдаштырууга, коопсуздук, эмгек жаатындагы кемчиликтерди жоюуга “Ренессанс” фабрикасына 1 айлык убакыт берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.02.2016. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир ай убакыт көп, бүгүн азыркы учурдан баштап мыйзамдын ар бир талабы иштей башташы керек деп милдеттендириши керек болчу! бир ай не деген срок, мен аны үч саатын ичинде ордуна келтирип даярдап коймокмун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: