super.kg logo

Жылнаама, 14-февраль: Мындан 12 жыл мурун Москвадагы "Трансвааль-парк" спорт-комплексинин чатыры урап түшкөн

 

* Мындан 32 жыл мурун, 1984-жылы грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу, грек-рим күрөшү боюнча “Бээжин-2008” Олимпиадасынын күмүш медалынын, Даңк медалынын ээси Канатбек Бегалиев Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылында туулган.
Эл аралык класстагы спорт чебери. 2013-жылы карьерасын жыйынтыктап, курама команданын машыктыруучусу болуп дайындалган.

* Мындан 29 жыл мурун, 1987-жылы орусиялык ырчы жана актриса Ю́лия Са́вичева Орусиянын Курган шаарында туулган. Юлия 5 жашынан эле хореографиялык "Светлячок" деген аталыштагы топто ырдап жүргөн. Биринчи жолу 4 жашында чоң сахнага Макс Фадеевдин "Конвой" деген рок-группасы менен чыккан.
Юлияны элге тааныткан ырлары: "Корабли" жана "Высоко". "Высоко" деп аталган ыры 2003-жылы "Жылдын ыры-2003" фестивалынын финалына чыккан. Орусиянын эстрада ырчысы Юлия "Жылдыздар фабрикасы-2" теледолбоорунун жана "Евровидение-2004" сынагынын катышуучусу.

* Мындан 13 жыл мурун, 2003-жылы Шотландиянын борбору Эдинбургдагы илимий институтта жашаган 6 жашар Долли өпкө оорусунан катуу жабыр тарткандыктан, ветеринарлар консилиуму атактуу койдун жанын чыгаруу тууралуу чечим кабыл алышкан. Долли 1996-жылы Эдинбургдагы Рослин институтунда чоң койдун клеткасын түгөйлөштүрүү аркылуу пайда болгон.

* Мындан 12 жыл мурун, 2004-жылы Москвадагы "Трансвааль-парк" спорт-комплексинин чатыры урап түшкөн. Ал убакта имараттын ичинде 400гө чукул адам болгон. Көз жумгандардын саны 28ге жетип, алардын 8и жаш балдар болгон. Ал эми ар кандай жаракат алгандардын саны 193 адамды түзгөн.

14-февралда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.02.2016. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Трансвааль-парк
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: