super.kg logo

Чүйдүн төрөт үйүндөгү эненин өлүмү боюнча иликтөө иши Башкы прокуратурага өткөрүлдү

 

Чүйдөгү төрөт үйүндөгү эненин өлүмү боюнча иликтөө комиссиясынын материалдарын Саламаттыкты сактоо министрлиги Башкы прокуратурага өткөрүп берди. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда аталган мекемеден кабарлашты.

Атайын түзүлгөн комиссия каза болгон 33 жаштагы эненин төрөт маалы өз убагынан өтүп, түйүлдүктүн суусу агып кеткенин аныктады. Ал төрөт үйгө келген маалда түйүлдүк 23 саат 35 мүнөт суусуз калган. Дарыгерлер 7-февраль күнү эртең мененки саат 7де толготууну жасалма жол менен чакыртышкан. 5 саат өткөндө жатындын айрылганынын белгилери байкалган. Саат 13:15те эне өлүү ымыркайды төрөгөн. Төрөттөн кийинки мөөнөттө кан токтобой, дарыгерлер жатындын жарылганын аныкташып, операцияга алып киришкени менен, 8-февралда эне каза болгон.

Комиссиянын иликтөөсүнүн негизинде медициналык жардамды көрсөтүүдө кемчиликтер аныкталып, тиешелүү чараларды көрүп энени жана ымыркайды тирүү алып калууга мүмкүн болгондугу тууралуу чечим чыгарган. Ал эми төрөттү кабыл алган акушер-гинеколог жумуштан чыгарылып, калган дарыгерлерге Чүй облустук оорукана бирикмесинин башчысы тарабынан эскертүү берилди.

Эскерте кетсек, Чүйдөгү төрөт үйүндө бир эне жана эки ымыркай каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
12.02.2016. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жумуштан неге айдап салышты?Ал башка жака ишке кирет.Соттош керек болчу.Оз жазасын алыш керек.Оной эле койберип койбой.Алладан корккулачы!Уч кун мурун менин женеми кистасын алабыз деп операционный креслого чыгарып уколун берип муздак комнатада жарым саат жаткырып анан медсестра келип врачтын иши чыгып калды 2 кундон кийин кел дептир.Бул не деген шумдук.Врачтар ойуна келгенин кылып калыптыр баары эле эмес бирок копчулугу
Ayida түзөттү 2016-02-12 19:45:20
12.02.2016. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Баардык откондорду Жаратканым оз мээримине алып,бейишин берсин!Ушундай акушерлердин шалаакалыгынын кесепетинен мен да оз апакемден айрылып кан сыздагам.Торот жакшы отуп,эртеси капельница сайып чыгып кетишип ,унутушуп реакция журуп кеткен.Анда 8чи класста окуйт элем.Айтайын демекчимин бул келиндин да артында калган балдарына кыйын.Жети жене бириксе да бир энедей боло албайт.Эч бир жанды энеден айрыгылык кылбасынчы Жаратканым.Ал эми куноолулор оз жазасын алуусу абзел.
13.02.2016. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иий жаман болуптур.
13.02.2016. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
А эмне учун дароо эле келеер замат кесерово жасашкан эмес???суусу жок аялды кыйнап искуственный толгоо чакырышкан???суу жок бала ошондон олук торолгон.Акмак врачтар!!!Аларга эмне оздорунун жаны кыйналган жок да,олгон алар эмес.Соттош керек!!!
13.02.2016. 05:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куноолуулорду соттоп,министрди кызматтан алуу керек.Ушул министр келгени медицина жаатында жоопкерсиз иштер мурункудан да кобойду.Бул жетекчиликтин алсыздыгы,кош конулдугу,ишке козомолдун жоктугунан келип чыгып жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: