super.kg logo

Социалдык түйүндөрдөгү сындардан кийин Орусиянын телеканалдары метродо аялды кырсыктан сактап калгандардын бири кыргыз жараны Марат экенин көрсөтүшүүдө

 

11-февралда Москва шаарындагы "Красносельская" метросунун станциясында рельстерге кулап кеткен аялды куткарып калгандардын бири 28 жаштагы Марат Исаев аттуу кыргыз жараны болгон. Бирок Орусиянын айрым телеканалдары аялды кырсыктан полиция кызматкери Артём Королюк сактап калганын көрсөтүп, Маратты жөн гана "бир жүргүнчү" деп жатышкан.

Мындан улам көпчүлүк интернет колдонуучулар социалдык түйүндөрдө Орусиянын телеканалдары Маратты эске албай жатышканына нааразы болуп, катуу сынга алып чыгышты. Көпчүлүгү "Эмне үчүн Мараттын эрдигин Орусия телеканалдары көрсөтпөй жатышат? Эмне, экинчи адамдын улуту Орусия телеканалдарынын саясатына туура келбейби? Позор!" дешсе, дагы башкалары "Полиция кызматкеринин аты-жөнүн атап, аны баатыр көрсөтүп жатышат, Марат тууралуу таптакыр эч нерсе айтышкан жок. Марат, мындан кийин өз өмүрүңдү минтип тобокелчиликке салба" деп жазышкан.

Мындай сындардан кийин негизги телеканалдар Мараттын эрдигин көрсөтүп, анын аты-жөнүн атап чыгышты.

Эскерте кетсек, 11-февралда "Красносельская" метросунун станциясында Юлия Валь аттуу аял талмасы кармап рельстерге кулап түшкөн. Аны полиция кызматкери куткарууга аракет кылып, башкалары жардам бербей жатканын көргөн 28 жаштагы Марат Исаев рельстерди көздөй түшкөн. Поезд жакындап калгандыктан, чыгарып кетүүгө мүмкүн болбой, аялды өздөрү менен кошо рельстердин арасына жаткырып аман калышкан.

Марат Исаев 8 жылдан бери Москвада иштеп жүрөт. Учурда үй-бүлөлүү, 4 жаштагы кызы бар.

Королюкту Москванын Ички иштер башкармалыгы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүүгө камынып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(24)
14.02.2016. 03:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Орустар ошондой.кыргыз жаман бирденке кылса чурулдай тушушмок.
14.02.2016. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Дагы жакшы кеч болсо дагы корсотушуптур. Эчтен коро кеч жакшы дешет го
14.02.2016. 04:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Орустар өзүмчүл, анан мактанчаак келет. Кантседа орустардын мекениден нан таап жатат көпчүлүгү. Кыргыздын эр жүрөк баатыр жигиттеринин бири экен. Өзүн тобокелге салып куткарууга жардам бериптир эми сыйлык берер бекен орустар анысында күтөлүчү
14.02.2016. 04:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Андан коро эч нерсе кылбаш керек, алар жакшылык тушунбойт, даже ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2016-02-15 15:09:43
14.02.2016. 06:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ээ туугандар ХХХ ХХХ ХХХ. тарыхты бир эстеп коргуло. Германияны женгенде байракты кыргыз илген а бирок кыргызды олтуруп орусту илдирген. дзотко биринчи кыргыз кокрогун тоскон. аны да орус жасаган дейт
Модератор admin_portal түзөттү 2016-02-15 15:10:33
14.02.2016. 06:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Maratka chon RAHMAT, en chon adamgerchiliktuu ish kyldy!!! Moskvadagy kyrgyz diasporasynyn okuldoru Moskvanyn merligine Marattyn erdigi emne uchun syilanbait, dep suroo kat joldoshpoibu? Emne uchun policeiskiy syilanyp, bul er jurok jigit syilanbashy kerek? Adilettuuluk kaida? Hotya Rossiyada kaidagy adilettuuluk... Bul jigit policeiskiyden da jogoru syilykka tatyktuu, antkeni adamdy saktoo policiyanyn mildeti, al emi Marat jon ele grajdanskiy adam.
14.02.2016. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
wwwonline,туура созуно кошулам
14.02.2016. 06:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Просто молодец.
14.02.2016. 06:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Эгер бир кылмыш кылганда ошол минутада аты чыкмак эле жанылыктардан. Ракмат сага Марат
14.02.2016. 07:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
азаматсын иним
сенин атан-энене рахмат ушундай уулду тарбиялап остургон и кыргыз экенине рахмат эр журок инсанына
орустарды туура эле айтышат ичи таар деп сени аллах коруп турат .......
14.02.2016. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul ХХХ ХХХ bilbeyt
Модератор admin_portal түзөттү 2016-02-15 15:10:48
14.02.2016. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тууну сайса эр сайды,атагы калды Манаска болуптурда.
14.02.2016. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Орустар адам эмес. Улуитчул жамаан калк келишет. Азырк политикасыны коруа жатабыз го баары навразф.
14.02.2016. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Путиндин саясатын колдоп, АКШны жамандап журчуу элем. Ушул окуядан кийин негедир орус бийлигине ичим муздай тушту.
14.02.2016. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсын Марат! Мындай тобекелдикке барганга анча-мынча адамдын духу жете бербейт.Озундун чыныгы эрдигинди коргоздун аны менен бирге чыныгы кыргыздын эрдигин коргоздунё чыныгы мусулмандык сыпатынды коргоздун!!!Биз сени менен сыймыктанабыз! Макул оруссияылык ТВжана СМИлери айтышпаса деле главное сенин кылган сооп ишинди АЛЛАХ таалам коруп турат.Дайыма ыйманын бекем болсун,ден-соолугунчын болсун, уй-булон менен бактылуу бол!!!
14.02.2016. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсың Марат. Башка жерде кыргыздын эр жүрөктүүлүгүн көрсөткөн сендей азаматтар көп болсун.
14.02.2016. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
орустун баары эмеско москвичтердин суйгон адаты мигранттардын жаман жагын издемей.ошого жараша жакшы жагын деле убагында коро билип баалап койсо жакшы болот.
14.02.2016. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ ХХХ... жакшылык кутуп болвойт.Марат байкеге рахмат.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-02-15 15:11:11
14.02.2016. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Россия россия дейсинер!мына силерге ашынган улутчулдар ушулар!только озун мактайт булар
14.02.2016. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да суйунуп жатам чыныгы кыргыз патриот эр жигит экен молодец . Сыйлык берилиш керек созсуз ар бир адам эле мындай ишке бара бербейт, ооздорун ачып канча адам турушту ошол жерде.
14.02.2016. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Марат чыныгы эркек экенсин ак кулактар жакшылыкты билбесе билуучу бар сага кудайдан кайтсын.
14.02.2016. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгерде рейске туртуп жибергенде биринчи айтып чыгышмак.жакшылык кылса мынантип козу коор кулагы дулой болуп чыга келишет бекеринен ак кулак эмес булар
15.02.2016. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
NADUW, vestel, Nurik.180212, logitech83 - эскертүү!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен, улуттар аралык түшүнбөстүк жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
15.02.2016. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат, эр журок деп ушул жигитти-Маратты айтса болот,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: