super.kg logo

Бишкек. Соодагерлерге киреше, арзышкандарга кубаныч алып келген Валентин күнү (фото)

 
Сүйүү дубалы
Сүйүү катын жазып жатышкан оюндун катышуучулары
Чакан сынактын катышуучулары
Жеңүүчүлөргө сыйлыктар берилип жаткан учур
Бул күнү тургундар көбүнчө гүл алышат.
Гүлдөрдү дүкөндөрдө гана эмес, көчөдө да сатып каражат табышат.
Ушундай оюнчуктар бул күнү жакшы өтөт.
Открытка алган кардарлар
Открыткалардын түрлөрү

Бүгүн, 14-февралда дүйнө жүзү боюнча Сүйүшкөндөр күнү же Валентин күнү белгиленип жатат. Бул күндү белгилегендер сүйгөндөрүнө жана жакын адамдарына белектерди, жүрөк формасында жасалган каттарга сүйүүсүн же каалоо-тилектерин жазып беришет.

Бүгүн бул майрам өлкөбүздүн борбор калаасы Бишкекте да белгиленип жатат. Майрамдагандардын басымдуу бөлүгү жаштар. Алар үчүн ар кандай иш-чаралар, концерттер, сынактар, оюндар уюштурулду. Бишкектин кээ бир соодагерлери соода бүгүн жакшы жүргөнүн айтышса, айрымдары соода болбой жатканын билдиришти. Алардын айтымында, жаштар көбүнчө жүрөкчө открыткаларды, жумшак оюнчуктарды алышты.

"Кечээки күнгө караганда бүгүн соода жакшы болду, бирок былтыркы Валентин күнүнө караганда быйыл соода аз. Балким, каатчылыкка байланыштуубу же романтиктердин саны азайган чыгар..."- дейт сатуучу.

Ал эми гүл дүкөндөрүндө бүгүн гүлдөр көп сатылып, сатуучуларды кубандырууда. Көбүнчө роза жана жоогазын гүлдөрү өтүп жатканы тууралуу гүл дүкөнүнүн сатуучусу айтты.

Бишкекте бул күндү белгилегендердин саны жылдагыдан аз экени байкалды.

Уламыш боюнча Байыркы Римдеги император аскерлерин согуш талаасында мыкты согушуу үчүн аларды үйлөндүргөн эмес. Валентин аттуу дин кызматкери сүйүшкөндөрдүн никесин жашыруун кыя берген. Ал тууралуу билип калган бийликтегилер аны камакка алышат. Камакта отурган Валентин түрмөнүн кароолчусунун кызын сүйүп калып, сезимдери тууралуу жазылган жүрөк формасындагы катын жиберип, 14-февралда өлүм жазасына тартылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
14.02.2016. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сүйүшкөндөр сүйүшкүлө
14.02.2016. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага куйоом не береткен а?жумуштан келишин куттам:)))))
14.02.2016. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
))))
Tipu түзөттү 2016-02-14 19:56:23
14.02.2016. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tipu,унаасынын маркасы кандай?
14.02.2016. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен учун катардагы эле кун.
14.02.2016. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага куйом гул бердииии))) суйунуп атсам артынан эле мен жактырып койгон койнокту белек кылдыыы))) а мен ага эчнерсе берген жокмун)))))
14.02.2016. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйушкондор майрамынар менен
14.02.2016. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Майрамынар менен
15.02.2016. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде орустардан да катуу майрамдайтко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: