super.kg logo

Орточо эмгек акынын реалдуу өсүшү 2015-жылдын январь-декабрында 2,5 пайызды түздү

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтары боюнча, 2016-жылдын январында ички дүң продукциянын реалдуу өсүшү 10,7 пайызды түздү. Бул 2015-жылдын тийиштүү мезгилинен 18,6 пайыздык пунктка төмөн, ал эми ички дүң продукциянын номиналдуу көлөмү 22,9 миллиард сом деңгээлинде түзүлдү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

“Кумтөр” кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда, экономиканын төмөндөшү өнөр жай өндүрүшүнүн төмөндөшүнүн натыйжасында 1,5 пайызды түздү (2015-жылдын январь айында 2,7 пайызга өскөн). Доллардын эсепке алуу курсу 2015-жылдын январь айынын аягына карата 26,87 пайызга жогорулап, 2016-жылдын январь айынын аягына карата 75,8826 сом/АКШ долларын түздү.

2016-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча өндүрүш өнүмдөрүн өндүрүү реалдуу алып караганда 40,7 пайызга азайды (2015-жылдын январында 38,2 пайызга өсүш болгон). Өнөр жайда, “Кумтөрдү” эсепке албаганда, 9,4 пайызга төмөндөө (2015-жылдын январында 8,7 пайызга өскөн), кайра иштетүүчү өнөр жай өндүрүшүнүн (50,8%), энергетика секторунун (10,7%) төмөндөөсүнүн эсебинен байкалды. Пайдалуу кендерди казып алууда12,4 пайыз өсүш байкалды. 2016-жылдын январында кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү реалдуу өсүш 2,3 пайызды түздү. Дүң жана чекене соода, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо кызматтарынын өсүшү 4,9 пайызды түздү, ошону менен бирге чекене сооданын өсүшү 3,5 пайызды түздү.

Мейманканалардын жана ресторандардын кызмат көрсөтүүлөрү 2016-жылдын январында 7,3 пайызга көбөйдү. Почталык жана чабармандык иш кызматтары 2016-жылдын январында 2015-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 14,7 пайызга төмөндөдү, байланыш кызматтары 4,5 пайызга көбөйүп, тарифтик кирешелер 2 миллиард 183,3 миллион сомду түздү. Расмий катталган жумушсуздардын саны 2016-жылдын январь айынын соңунда 56,5 миң адамды түзүп, 2015-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,6 пайызга азайды (2015-жылдын январында 0,9 пайызга төмөндөгөн).

Орточо айлык акынын реалдуу өсүшү 2015-жылдын январь-декабрында 2,5 пайызды түздү, номиналдуу туюнтууда орточо эмгек акы 13 277 сом деңгээлинде түзүлдү.

Импорттун көлөмү экспорттун көлөмүнөн чоңоюп кеткенине байланыштуу соода балансынын терс сальдосу 2014-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 37,9 пайызга азаюу менен 2 миллиард 393,2 миллион АКШ долларын түздү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.02.2016. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айлык акы боюнча баары жалган. Гос службанын кызматеери катары айтып жатам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: