super.kg logo

Бишкекте Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 27 жылдыгына арналган эскерүү митинги өттү (фоторепортаж)

 

Бүгүн, 15-февралда Бишкек шаарында кыргыз жергесинде Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 27 жылдыгы белгиленди.

Эскерүү митинги борбордогу Ататүрк атындагы сейил багында өтүп, ага Ооган согушунун ардагерлери, каза болгон жоокерлердин бир туугандары, Жогорку Кеңештин жана шаардык мэриянын өкүлдөрү катышышты. Митингде Ооган согушунун жоокерлерине арналган эстеликке гүл коюлду. Ал эми аскер оркестри Калый Молдобасановдун "Жалгыз аялдын ыйы", "Марш славянки" аттуу чыгармаларды жана өлкө гимнин аткарышты. Ошондой эле иш-чарада Улуттук гвардиянын Ардак караулунун жоокерлери асманга залп атышты. Митингге келгендер 1 мүнөт аза күтүп, Ооган согушун эскерип өтүштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
15.02.2016. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Майрамынар менен куттуктайбыз, урматтуу ардагерлер. Өмүрүңөр узун болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: