super.kg logo
  Саясат  

Япония Кыргыз Республикасына 100 миллион иена өлчөмүндө долбоордук эмес гранттык жардам берет

 

Япония Кыргыз Республикасына 100 миллион иена (1 япониялык иена = 0,67 сом - ред.) өлчөмүндө долбоордук эмес гранттык жардам берет. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, 100 миллион иена өлчөмүндөгү долбоордук эмес грант эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө жана кызматташтык алакаларды арттыруу максатында, чакан жана орто бизнес товарларын берүү менен, ал Япониянын өкмөтүнүн долбоордук эмес гранттык жардамынын алкагында бөлүнөт. Сатып алына турган товарлардын тизмеги эки өлкө өкмөттөрүнүн ортосунда макулдашылмакчы.

“Келишим шарттарына ылайык, биздин алдыбызда гранттык товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдү бажы алымдарынан, ички салыктардан, дагы башка бардык жыйымдардан толук бошотуу милдети турат. Келишимде каралган бардык иш-чаралардын аткарылуу жүрүмү JICA кызматташтыгы боюнча Япония Эл аралык агенттиги тарабынан көзөмөлгө алынат. Бул келишим Кыргыз Республикасынын чакан жана орто бизнесинин өнүгүшүнө түрткү берет”,- деди министр Адылбек Касымалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: