super.kg logo

Орусияда Зика вирусун жуктурган алгачкы учур катталды

 

Орусияда Зика илдети менен ооруган алгачкы учур катталды. Бул тууралуу Орусиянын Тургундардын укугун коргоо тармагын көзөмөлдөөчү федералдык кызматынын сайтында бүгүн, 15-февралда жарыяланды.

Маалыматка ылайык, учурда илдетке кабылган бейтап Москвадагы оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жатат. Анын үй-бүлөсүндө андан бөлөк эч ким илдетке чалдыкпаганы аныкталды. Бул айым Зика вирусун Доминиканада эс алып жүрүп жуктуруп алган. "РИА Новости" маалымат каражатынын медицина тармагындагы булагынын айтымы боюнча, Зикага чалдыккан айым Москвада жашайт, анын учагы Домодедово аэропортуна конгон. Федералдык кызматтын билдиргени боюнча, бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Зика лихорадкасы - маймылдардын курч мүнөздөгү жугуштуу оорусу, адамга чиркейлер аркылуу жугат. Вирус кош бойлуу аялдарга кооптуу, себеби түйүлдүктөгү ымыркайдын баш мээси жакшы өрчүбөй калат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
15.02.2016. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кудай сактасын
15.02.2016. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудайым ар пендени озу сактасын жугуштуу,аты жаман илдеттен.
15.02.2016. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым озун сактай кор, бул вирус ото коопту адамдан адамга тез да жугат экен. Анан кесепети туйулдукко тийет микроцефалия болуп торолушот. Ал эми микроцефалиянын дабасы жок(((
15.02.2016. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
микроцефалиянын дабасы жок
15.02.2016. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактаа
16.02.2016. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын!бул да согушуунун бир жолуго.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: