super.kg logo

Былтыр Мамлекеттик салык кызматынын маалымат борборуна 52 миңден ашык салык төлөөчү кайрылган

 

2015-жылы Мамлекеттик салык кызматынын маалымат борборуна 52 746 салык төлөөчү кайрылган. Муну бүгүн, 15-февралда аталган мекемеден билдиришти.

Маалым болгондой, бул көрсөткүч 2014-жылга салыштырмалуу 17 123 чалууга, ал эми 2013-жылга салыштырмалуу 33 434 кайрылууга көп.

2015-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөндөй, салык төлөөчүлөрдүн кайрылууларынын эң жогорку чеги бирдиктүү салык декларациясын, мүлк жана жер салыгы боюнча маалыматтык эсеп-төлөөлөрдү толтуруу жана тапшыруу маселелери боюнча декларациялык кампанияны өткөрүү, ошондой эле кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк салыгын төлөө мезгилине туш келди.

2015-жылдын биринчи жарым жылдыгында салык төлөөчүлөрдүн телефон чалууларынын чукул көбөйүшү Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдигине киришине жана мунун алкагында КРнын салык мыйзамдарындагы кабыл алынган өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго байланыштуу болду.

Ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн көпчүлүгүн алар тарабынан салык карызын жана учурдагы салыктык төлөмдөрүн төлөө учурунда эсептелген пайыздарды, туумдарды, салык санкцияларын эсептен чыгаруу маселелери кызыктырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: