Эшектин терисин Нарындан Бишкекке алып келип 1500 сомдон саткандар кармалышты
Нарын облусунда эшекти союп, терисин сатууга тиешелүү 6 адам кармалды. Бул тууралуу 15-февралда SUPER.KG'ге Нарын РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган факт боюнча Көк-Жар, Семиз-Бел айылдарынын тургундары О. уулу Э., Т.Б. жана Б.А. кармалган. Алар 6 баш эшекти союшканын жана терисин Бишкекке алып келип 1500 сомдон сатышканын моюндарына алышып, көрсөтмө беришкен. Ошондой эле Туз айылынын Ш.М. аттуу тургунунун үйүнөн эшектин териси табылган. Бул фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
-1

Сиздин андай мааниде жазган билдирүүңүз өчүрүлгөн эмес. Качан, кайсыл жакка жаздыңыз эле? Балким кандайдыр бир катачылык кеткендир.
Жеке айтышууларга тыюу салынат. Ар бир колдонуучу өз ой-пикирин жазганга укуктуу, бирок порталдын эрежелеринин негизинде гана.
Аракет кылабыз.