super.kg logo

Ноокенде Ички иштер башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери "кызмат абалынан кыянаттык түрдө пайдаланган" деп шектелишүүдө

 

Ноокенде Ички иштер башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп шектелишүүдө. Бул тууралуу 16-февраль күнү Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ноокен РИИБинин жогорку кызмат адамдары тарабынан башкармалыктын убактылуу кармоочу жайына тамак-аш сатып алуу боюнча тендер өткөрүлгөн. Тендердин жеңүүчүсү катары М.А. аттуу жеке ишкер табылган. Жалал-Абад облусунун прокуратурасы "тендерге эки жеке ишкер катышып жатат" деген негизде жыйынтыгын текшерүүгө алган. Жыйынтыгында башкармалыктын жогорку кызмат адамдары жогорулатылган бааларды көрсөтүү менен тамак-аш алышканы аныкталган. Андан мамлекетке 266 232 сом зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык жасалмачылык”, “ишенип берилген мүлктү туура эмес пайдалануу” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: