Учурда 18 кыргыз ишканасынын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында товар ташууга укугу бар

Учурда 18 кыргыз ишканасынын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында товар ташууга укугу бар. Муну бүгүн, 16-февралда маалымат жыйындын жүрүшүндө вице-премьер-министр Олег Панкратов билдирди. Анын айтымында, товар таркатуу боюнча реестерде 15 кыргыз ишканасы Орусиянын аймагында эт, сүт жана балык азыктарын сата алат.
"Ошондой эле 11 кыргыз ишканасы Казакстанга сүт, бал жана балык продукциясын ташып сата алат. Мындан тышкары Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду мамлекеттик банктар аркылуу 1 миллиард 2 миллион сомго насыя берди. Айыл чарба жана жеңил өнөр жай өндүрүмүнүн ири долбоорлоруна фонд тарабынан дагы 10 миллион 500 миң доллар бөлүнүп берилди",- деди Панкратов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.