Былтыр ЕАЭБ өлкөлөрүнө 400 миң тоннадан ашык айыл чарба продукциясы экспорттолгон



Былтыр ЕАЭБ өлкөлөрүнө 400 миң тоннадан ашык айыл чарба продукциясы экспорттолгон. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда маалымат жыйында айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев билдирди. Анын айтымында, 2015-жыл айыл чарба тармагы үчүн эң ийгиликтүү жыл болду.
"Айыл чарбадагы ички дүң продукция 197 миллиард сомду түздү. Бул былтыркы жылга караганда 6,2 пайызга жогору, 100 миң тоннага айыл чарба продукциясын көп чыгардык. Евразиялык экономикалык биримдиктин негизинде маселелер бар, бул кайра иштеп чыгаруу өндүрүмүнө байланыштуу. Учурда биз Орусиянын жана Беларустун айыл чарба мекемелери менен байланышты жана кызматташууну бекемдеп, бул жаатта жумуштар жүрүүдө",- деди орун басар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

только через Таджикистан кетип атат Баткенден. Дыйкандар банкрот эле болду быйыл том.союзга кирдик деп дыйканчылыкты аябай кылышты эле. Учурда картошка,сабиз пияздын баасы 10 сом. Кыскасы "жыргатып" атасынар чиновник соройлор!