super.kg logo

2015-жылы Орусияда иштеген мигранттардын кыргыз жергесине акча которуулары 28 пайызга кыскарган

 

2015-жылы Орусияда иштеген мигранттардын кыргыз жергесине акча которуулары 28 пайызга кыскарган. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда маалымат жыйындын жүрүшүндө Миграция кызматынын башчысынын орун басары Алмаз Асанбаев билдирди. Анын айтымында, которуулар долларлык эквивалент менен алганда азайган, ал эми рубль менен жүргүзүлгөн акча операциялары көбүрөөк болгон.

"Былтыр биринчи жарым жылдыкта Орусияда эмгектенген мигранттардан келген акчалар 45 пайызга төмөн болгон. Август айынан тарта кыргыз өлкөсү ЕАЭБге мүчө болгондон кийин которуулар боюнча пайыздык көрсөткүч 28ге чейин түшүрүлгөн.
Ошондой эле август айында болгон өзгөрүүлөр эмгек мигранттарынын Орусиядан кетип кайра келүүсүнө өбөлгө болду. 2015-жылы Орусияда жүргөн эмгек мигранттарынын жалпы саны 560 миңди түзсө, 2016-жылдын башында бул көрсөткүч 552 миңге барабар болду. Кээ бир мекендештерибиз "кара тизмеге" кирип калуусуна байланыштуу кайра бара албай калышты",- деди Асанбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
16.02.2016. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акча болсо көбөйөбү пайызы?
16.02.2016. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айла жоктон акча салып жатабыз,ата-энебизде акча жок болгон учун,мумкун болсо салбай эле сактай турган болуп жатат.
16.02.2016. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
салбайтта эркектин баары "потриот" болуп кыздарды андып журушсо
...
16.02.2016. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Абалды коруп жатасын го кризис рублдин тушушу жана башка. Причем тут патриот эркектин баары пффф...
16.02.2016. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2016-жылы андан да аз болсо керек себеби кризис жана жумушу жок жаткандар коп болууда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: