super.kg logo

Түштүк Кореяда иштеген кыргыз жарандары көбүнчө кеме куруу тармагына тартылган

 

"Түштүк Кореяда иштеген кыргыз жарандары көбүнчө кеме куруу тармагына тартылган",- деди бүгүн, 16-февралда маалымат жыйындын жүрүшүндө Миграция кызматынын башчысынын орун басары Алмаз Асанбаев.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө аталган өлкөдө 15 миң кыргыз мигранты эмгектенет.
"Жалпысынан учурда 700 миң кыргыз жараны чет өлкөдө жүрөт. Алардын басымдуу бөлүгүн мигранттар түзөт. Жарандарыбыздын көбү Орусияда жана Казакстанда иштейт. Түштүк Кореяда 15 миң мигрант эмгектенет, алардын айлык акысы 2,5 миң долларга чейин жетет. Азыр аталган өлкө кеме куруу боюнча алдынкы мамлекеттерге киргендиктен, биздин жарандар жакшы жана стабилдүү жумуш менен камсыздалган.

Ошондой эле былтыр биздин мекеме аркылуу Түркияга иштегени жана окуганы кеткендер 12 миңди түзгөн. Алардын басымдуу бөлүгү мейманканаларда кызмат көрсөтүп иштешет. Бул жумуштар сезонго жараша убактылуу гана болуп эсептелет. Орусиядан Түркияга эс алганы барган туристтер былтыр азайып кеткен. Ошого карабай биздин жарандар ал жерде керектүү кадр катары эсептелет, анткени алар түрк, орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөй алышат.

Ал эми Европа менен АКШда жалпысынан 30 миң кыргыз жергесинин жараны жүрөт деген статистикалык маалыматтар бар. Бул өлкөлөр менен визалык режим сакталгандыктан, миграциялык агым туурасында айтуу кыйын. Ошентсе да биздин маалыматтар боюнча мекендештерибиз Италия, Германия, Англия өлкөлөрүндө жүрүшөт. Ал эми АКШда 12 миң кыргыз жараны бар",- деди Асанбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
16.02.2016. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Корея жагат бармакмын мумкунчулук болсо ...
16.02.2016. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кореяда жумуш аябай жакшы
16.02.2016. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туштук Кореяда баардык тарабынан жакшы.Менин билишимче кыргыздарды кобуроок жактырышат.Кээ бир создору айтылышы жагынан кыргызча создорго окшош.Чет жерлерде жургондо мекендештерим жонундо коп жакшы сапаттарын угуп,Кыргызстанда туулганыма сыймыктанам."Асманда жылдыз коп,жерде кыргыз коп"- деп бекеринен айтылбаса керек.
16.02.2016. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туркияда мейманканада иштегени жаман экен.Копчулугу кыздар болсо керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: