Акыйкатчы кадр кызматынын жетекчисине аймактарда жогорку окуу жайларын бүткөн адистер жумушка орношо албай жатышканын айтты

КРнын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев Мамлекеттик кадр кызматынын директору Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, анда акыйкатчы Нарын жана Ысык-Көл облустарында иш сапары менен болгонун, аталган аймактарда жогорку окуу жайларын бүткөн адистер жумушка орношо албай жатышканын айтты. Ошондой эле К.Оторбаев Мамлекеттик кадр кызматынын көйгөйлөрү, жакын арадагы пландары жана аткарылчу иштери тууралуу сурады. С.Жээнбеков бул жаатта атайын мыйзам долбоору иштелип жатканын айтты. Жыйынтыгында эки тарап адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатында биргеликте иш алып баруу боюнча сүйлөшүштү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
ruslankg

16.02.2016. 17:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Просто отурушуп суротко тушушуп койгондой отурушатго булар алдында же кагаздары жок биздин чокдор оозу менен бутурот бут нерсени...
Yahoo

16.02.2016. 18:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошону кантип чечуу жолдорун суйлошушпотурбу?эки минут суйлошкондой эле болуп калыптыр
Uli6886

17.02.2016. 09:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ким биринчи козун жумат экен-деп тиктешип турушат))))
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.