super.kg logo

Эксклюзив! Кыргыз өлкөсүнүн желегин жаш фотограф Талгат Субаналиев Антарктидада желбиретти

 
"Дүйнө жүзүндөгү адамдын буту баспаган жерде желегим менен турам. Биринчи саякатым Антарктидадан башталганына абдан кубанычтамын. Кемеде мен эң жаш жүргүнчүлөрдүн биримин".
"Сүрөттөрүм менен көп бөлүшө бербейм, бирок бөлүшүүгө мезгил келди! Мындай кооздукка суктанып тойбойсуң".
"Дрейк кысыгындабыз".
"Абдан чоң ледокол (муз жаргыч кеме) – "Пуэрто Ушуайада"

Жер шарынын эң суук материги - Антарктидада жүргөн мекендешибиз Талгат Субаналиевге кайрылганыбызда ал SUPER.KG'ге эксклюзивдүү пикир билдирип, сүрөттөрдү жөнөттү. Кыргыз мамлекетинин желеги Антарктидага чейин жетип, желбиреди.

"Биринчи саякатым Антарктидадан башталганына абдан кубанычтамын. Мында укмуш! Абдан кооз жана тынч. Адамдар жок, жымжырттык... Жаратылыштын гана үнү угулат. Жаратылыш жана сен, башка эч нерсе жок. Азыр кургак жерди көздөй кемеде баратабыз, Аргентинанын эски базасынан түшөт экенбиз. Ал жер азыр музейге айланып калганын айтышты. Мендеги сезимди сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Көлөмү үйдөй болгон айсбергдерди, пингвиндерди жанынан көрдүм. Абанын температурасы -6 градусту көрсөтүп жатат, бирок аба кургак жана шамал катуу болгондуктан абдан суук",- деди мекендешибиз.

Талгат бир нече күндөн кийин Аргентинага барарын кошумчалады. Саякаттагы башка кызыктар тууралуу мекендешибиз кыргыз жерине келгенден кийин "Супер-Инфо" гезитине жана SUPER.KG порталына эксклюзивдүү маек берерин айтты.

Антарктида - Антарктикадагы материк, дээрлик Түштүк уюл тегерегинин ичинде жайгашкан. Аянты 14,4 миллион чарчы чакырым. Антарктида расмий түрдө 1820-жылы 16 (28)-январда Фаддей Беллинсгаузен жана Михаил Лазаревдин жетекчилигинин астында орус экспедициясы тарабынан ачылган.

Эскерте кетсек, Борбор Азиядагы Америка университетинин студенти Талгат Субаналиев "Photography trip to Antarctica: exploring the beauty of Antarctica's landscape" Эл аралык сынагынан башкы байгени утуп алган. Баш байгенин белеги - Антарктидага жолдомо. Ал эми бул сынакта жеңүүчүлөрдү белгилүү фотограф Херш Чада аныктаган. Херш Чада 80дей өлкөгө барган. Фотографтын көңүлүн дайыма адамдын табиятка тийгизген терс таасири түйшөлтүп келген. Ал жер жана жапайы чөйрөдөгү сүрөттөрү менен даңкы чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(8)
16.02.2016. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Оо ийгилик!...
16.02.2016. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кандай сонун жан дуйнон тазарып эргип эс алып келет экенсин да азамат.
16.02.2016. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ооооооо соонунго э, аябай суйундум. Мындан ары да ийгилик!
16.02.2016. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соонун суроттор го
16.02.2016. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азаматсын,мекендешим!
16.02.2016. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сонун анан да биздин желек негизи Сонун корунот башкалардыкына салыштырмалуу
16.02.2016. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
абдан позитивдуу жанылык экен,кыргыз эли ушундай жагымдуу жанылыктарга суусап турат,азамат Талгат!
17.02.2016. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шапканды кийип алчы эртен ооруп калба.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: