super.kg logo

Укук коргоочу Калича Умуралиева Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын кызматкери тарабынан сабалганын айтты

 

Укук коргоочу Калича Умуралиева Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын кызматкери тарабынан сабалганын SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарындагы Жибек-Жолу менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги турак үйдүн тургундары үйдүн сапатына нааразы болуп кайрылышкан. Калича Умуралиева үйдүн долбоорун чийген архитекторго кайрылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн соң, үйдү эксплуатацияга берген Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын кызматкери Шараф Ачилдиевге барышкан.

"Биз Шараф Ачилдиевге барганыбызда ал биз менен сүйлөшүүдөн баш тартып, аны менен сүйлөшүүгө укугубуз жок экенин айтып, бизден сыртка чыгууну талап кылды. Андан соң инспекциянын жетекчилигинин орун басары менен жолугуу үчүн анын кабинетине кирчү коридордо турсам, кабинеттен бир кыз чыгып мени түртүп, эшикти жабууга аракеттенди. Мен ага бул жер анын жеке үйү эмес, мамлекеттик мекеме экенин айттым. Андан кийин эле ал менин чачымдан жула кармап, чапкылап кирди. Колумда микрофон бар болчу, кулатып жиберемби деп корктум. Акыры экөөбүздү ажыратышты",- дейт укук коргоочу.

Калича Умуралиеванын айтымы боюнча, турак үйдүн курулушун Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын кызматкерлери керектүү деңгээлде көзөмөлдөбөй эле эксплуатацияга берүүгө уруксат берип койгондуктан, кызматкерлер ушундай жорукка барышы мүмкүн.

Ошондой эле ал Бишкектеги 1-Шаардык милиция бөлүмүнө кайрылып, арыз жазганын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(9)
16.02.2016. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эгерде укук коргочунун айтканы чын болсо,мамлекет кызматкерин бир жерге тээп туруп айдаш керек.
16.02.2016. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mongol1155, Күнөө кимисинде болсо да жооп бериши керек! Эч качан мамлекеттик кызматты атабыздан калган мурастай кылып, басып албай таза, ак кымзат кылуубуз керек, анткени мамлекеттик кызмат бул чыныгы эли-жерин сүйгөн инсандардын кызматы болушу шарт, ал жерде иштөөчүлөр элдин өкүлдөрү болууга жана жарандардын кызыкчылыгын коргоого тийиш!
STAN_KG түзөттү 2016-02-16 22:04:34
16.02.2016. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Жок негизи эле ушундай корунушторго озум коп эле кабылгам(албетте сабалган эмесмин), эшикти жаап кой же тигинт, минт деген кызматкерлердин орой мамилесине.
16.02.2016. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
ZANIA-92, Анткени окуу жайды эптеп септеп бүтүшөт, барган жеринде берилген жумуштарын керектүү деңгээлде тейлегенди билишпейт. Айрымдары билими бар, тарбия жана этика дегенди билишпейт, кээде кыргызча сүйлөп кирүүгө уруксатпы десең, эне-тилин эки секундта унутуп, көзүнүн кыйыгы менен карап, мен орус тилдүүмүн деген сөздү билдиргенсип карашат. Жакшылап баарлашсаң орусчаны деле жогорку деңгээлде жөндөй албайт, өзүнчө эле өздөрүн башкача сезе беришкени таң калтырат.
16.02.2016. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мамлекеттик кызматты аркалап жатып, эмгектенген жеринде бейбаштык кылган кызматкер жана жетекчиси, анын орун басары кызматынан токтоосуз кетиши керек, албетте аныкталган соң! Биздеги мамлекеттик кызматта иштегендер тааныш билиш же туугандарын жумушка алып алышат, эмгекке болгон сапат өтө төмөн. Ага караганда часный кээ бир компанияларда эмгектенген кызматкерлер ушунчалык сылык, маданияттуу жана өтөт адамгерчиликтүү. Тиешелүү кызматкерлер тезинен чара колдонушу керек, башкаларга сабак болчуудай!
16.02.2016. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйратыпсынар!!!!!!!!!!
17.02.2016. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой бой коменттерде ото каттуу кетипсинер. Билсенер айрым укук коргоочулар журналисттер да этика дегенден бир топ эле артта калган. Соз эркиндигин, демократияны ашыкча пайдалангандар бар. Ошондуктан кимисинде куноо бир Кудай билет...
17.02.2016. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jasgul, журналисттер деп жазып кетиптирсиз, фактыныз барбы? же бир карын майды чириткен кумалактарды коруп алып ушинтип суйлоп жатасызбы?
17.02.2016. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тоок төрт килограмм тукум(неме, жумуртка) тууптур. Теле-радио, гезит, интернеттен келген журналисттер тоокту ороп алышкан.
-Кечиресиз, бул ийгиликке кандай жетиштиңиз?
-Тынымсыз изденүү жана эмгектин аркасында.
-Келечектеги пландарыңыз?
-Эми 5 килограммдык тукум(жумуртка) тууш...

Журналисттер корозго суроо бере башташты:
-Бул ийгиликтин сыры эмнеде?
-...
-Кандай кылып мындайга жеттиңиз?
-...
-А, мейли, акыркы суроо: Келечек пландарыңыз?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: