super.kg logo

"Укук коргоочуну сабады" делген Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын кош бойлуу кызматкери учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө

 

"Укук коргоочуну сабады" делген Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын кош бойлуу кызматкери учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бул тууралуу аталган инспекциянын басма сөз кызматынын башчысы Анара Мамбеталиева SUPER.KG порталына билдирди.

Анара Мамбеталиева укук коргоочу Калича Умуралиева журналисттер менен келген соң, алгач инспекциянын басма сөз кызматы менен байланышка чыгышы керек болчу экенин айтты.

"Укук коргоочу Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекцияга келген соң бизге кайрылса, биз аны кызыктырган кызматкер менен жолуктурмакпыз, бул биздин милдетибиз. Калича Умуралиева эч кимге кайрылбастан, инспекциянын башчысынын орун басары менен жолугам деп имараттын ичиндеги ар кайсы кабинеттин эшиктерин ачып издеген. Биздин кызматкерлерибиздин суроолоруна жооп бербегенинен түшүнбөстүктөр жаралып, кызматкерибиз сабалган. Ал кызматкерибиздин 2 айлык боюнда бар экен. Бул анын алгачкы бала күтүүсү. Азыр анын абалы оор болуп, тынчын албаш үчүн дарыгерлер эч кимди киргизбей жатышат",- дейт Анара Мамбеталиева.

Анара Мамбеталиеванын ою боюнча, кызматкердин боюнан козголгондуктан, дарыгерлер ага эч кимди киргизбей жатышат.

Ошондой эле Бишкек шаардык милиция бөлүмүнө Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын сабалды делген кызматкери да арыз жазганы маалым болду.

Эскерте кетсек, бүгүн укук коргоочу Калича Умуралиева менен Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын кызматкеринин ортосунда түшүнбөстүктөр жаралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
16.02.2016. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне дешти,кимге ишеништи билбей калдым.
16.02.2016. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кош бойлуу болгону жаман болуптур, баласына зыян болбосо болду. Бирок деген бул айым да үн чыкпай кабинетине кирип кетип калганда ага бирөө барып жармашып урушмак эмес, өзүндө да бир чатак мүнөзү бар болушу керек!
16.02.2016. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Обязательно уруш керекпи?Соттош керек!Эскертуу деген болуш керекта Тарбия жок ужас
16.02.2016. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аялдар болор болбос нерсеге да чыр кыла беришет
16.02.2016. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыйратыпсынар!!!
16.02.2016. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бут айып укук коргочуда болуш крк.укук когоочу атын жамынып сыртан келген акчаны жеп ошондой иштерди кылаберишет алар
17.02.2016. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар бир адам Ким, кандай кызмат аркалайт оз ордун билиш кк. Укук коргоочу, журналист болсо эмне болуптур? Сузо качырып кирсе тушунбоочулук орун алат да албетте.
17.02.2016. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай болбосун ал аял кол которгону акысы жок болучу!!!Аял затын сабоо деген бул айбандык!!!Камаш керек!Соттош керек!Башка эркектерге сабак болсун.Айбан экен ошол адам!
17.02.2016. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mersedes2013,укук коргоочу да аял.
17.02.2016. 07:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирдеме болсо эле больницага жата калышат.Бул чиновниктер учун модага айланып бара жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: